Жалал-Абад облустук филармония
Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясы — Жалал-Абад облусундагы ири маданий мекеме. 1994-жылдын 8-июлунда Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен уюшулган. Алгач филармония мурдагы «Юбилейный» кинотеатрынын базасында ачылып, 50 штаттык бирдик бөлүнгөн.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1997-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын токтомуна ылайык, филармонияга Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын жана көп кырдуу талант Токтосун Тыныбековдун ысымы ыйгарылган. Ошол эле жылы акындын 70 жылдык мааракесине карата филармониянын имаратынын алдына анын айкели орнотулган.
Ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Филармониянын алгачкы ишмердүүлүгүнүн башында Кыргыз Республикасынын эл артисттери жана эмгек сиңирген артисттери Жолболду Алибаев, Шахра Талипова, Садырбек Жумашев жана Дүйшөнбек Молдобаев эмгектенишкен.
Учурда филармониянын чыгармачылык курамын төмөнкү топтор түзөт:
- «Мөлмөл» фольклордук-этнографиялык оркестри — 1995-жылы Дүйшөнбек Молдобаев негиздеген, учурда КРнын эмгек сиңирген артисти Анарбай Райымканов жетектейт;
- «Ыр-Өмүр» тобу;
- Комузчулар ансамбли — жетекчиси КРнын эмгек сиңирген артисти Токтомурат Осмоналиев;
- «Кылым мурасы» кернейчилер тобу — жетекчиси Самаган Кочкоров;
- «Эстрада» тобу — жетекчиси Каныбек Казакбаев;
- «Бойдок чалдар» жана «Сатира-юмор» куудулдар тобу — негиздөөчүлөрү Бакыт Саттаров жана Муктар Гайымов;
- «Аккордеончулар тобу» — жетекчиси Туратбек Өмүрканов;
- «Баян» бийчилер тобу — жетекчиси Гүлмира Айтбай кызы.
Бул чыгармачыл жамааттар филармониянын негизги ишмердүүлүгүн түзүп, бири-бирин толуктап, маданий иш-чаралардын кеңири спектрин камсыз кылышат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.