Мазмунга өтүү

Жалал-Абад шаардык аймак таануу музейи

Википедия — ачык энциклопедия
("Жалал-Абад тарых жана край таануу музейи‎"‎ барагынан багытталды)

Жалал-Абад шаардык аймак таануу музейиЖалал-Абад шаарында жайгашкан маданий жана илимий мекеме.

Музей алгач 1972-жылдын 30-декабрында ачылган. 1978-жылдын 28-январында Жалал-Абад шаардык аткаруу комитетинин №20 токтому менен жаратылыш музейи катары катталган.

1978-жылдын август айында музей Ош облустук музейинин карамагына өткөрүлүп, анын филиалы болуп калган. 1981-жылдын апрелинде музей Ленин көчөсүндөгү өз алдынча имаратка көчүрүлүп, 135 м² аянтка ээ болгон.

1991-жылдын 9-сентябрында Жалал-Абад облусу түзүлгөнүнө байланыштуу шаардык кеңештин президиуму №512 токтом кабыл алып, музей кайрадан «Жалал-Абад тарых жана край таануу музейи» болуп уюшулган. Түзүлгөндүгү тууралуу токтом — шаардык кеңештин 1972-жылдын 25-январындагы чечими.

Аянты жана жайгашуусу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Жалпы аянты: 135 м²
  • Сактоо фонду: 6 м²
  • Экспозиция аянты: 129 м²
  • Жалпы бөлмөлөрдүн саны: 5

Экспозиция бөлмөлөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Байыркы археологиялык доорлор.
  2. Совет бийлигинин түзүлүү мезгили.
  3. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары.
  4. Материалдык-техникалык базанын түзүлүшү.
  5. 1876-жылдагы орус отурукташуусу.