Жалал-Абад эл аралык университети
"Жалал-Абад мамлекеттик университети" менен адаштырбаңыз.
| Жалал-Абад эл аралык университети | |
| Урааны |
"Сапаттуу билим - келечекке айкын жол!" |
|---|---|
| Негизделген жылы |
1993 |
| Ректору | |
| Жайгашкан жери | |
| Сайты | |
Жалал-Абад эл аралык университети — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад шаарында жайгашкан жогорку окуу жай.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Университет 1993-жылы Жалал-Абад коммерциялык институту аталышында негизделген. 2005-жылдан тартып Экономика жана ишкердик университети деп аталып, 2017-жылдан бүгүнкү Жалал-Абад шаарындагы эл аралык университети деген ат менен ишмердүүлүгүн улантууда.
Адистиктер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Университет төмөнкү багыттар боюнча кадрлар даярдайт:
- Ишкана экономикасы жана башкаруу
- Бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл
- Финансы жана кредит
- Экономикадагы маалыматтык системалар
- Бажы иши
- Менчикти баалоо жана башкаруу
- Уюм менеджменти
- Эл аралык мамилелер
- Социалдык-маданий тейлөө жана туризм
- Экономикадагы математикалык усулдар
- Колдонмо математика жана информатика
- Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу
Дипломдор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Бүтүрүүчүлөргө жогорку билим жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилет.
- Кыргыз–Түрк факультетинин бүтүрүүчүлөрү кошумча Түркия Республикасынын үлгүсүндөгү дипломго ээ болушат.
- Колледждин бүтүрүүчүлөрүнө орто кесиптик билим тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү диплом берилет.
Окутуучулар курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Профессор-окутуучулар курамы жогорку квалификацияга ээ, тиешелүү илимий даражалары жана наамдары бар, жогорку окуу жайларда жана экономиканын ар кандай тармактарында тажрыйба топтогон адистерден турат.
Материалдык-техникалык база
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Китепкана фонду заманбап окуу китептери жана колдонмолор менен камсыздалган.
- Компьютердик кабинеттер жаңы компьютерлер жана тиешелүү жабдыктар менен жабдылган.
- Жатаканада алыс аймактардан келген студенттер үчүн жетиштүү орундар бар.
- Студенттер үчүн ашкана, медпункт, тиш дарылоочу кабинет, маданий-эстетикалык борбор жана спорт клубу иштейт.
Кошумча мүмкүнчүлүктөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Студенттер аскердик кафедрада билим алып, бүтүргөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн офицери наамын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Экономика жана ишкердик университетинин расмий сайты Archived 2018-02-09 at the Wayback Machine