Жалган Дмитрий І
Жалган Дмитрий І [туулган жылы белгисиз – 17 (27). 5. 1606] – өзүн орус падышасы Иван IVнүн баласы Дмитриймин деп көрсөткөн саясий куйту; ал кечил Григорий Отрепьев деген маалыматтар бар. Жалган Дмитрий Iнин орус тагына умтулушун поляк-литва төбөлдөрү жана Северск жери менен Смоленскини алууну көксөгөн Польша королу Сигизмунд III колдогон. Жалган Дмитрий I католик динин жашыруун кабыл алып, Ватиканга орус чиркөөсүн баш ийдирүүнү убада кылган. Жалган Дмитрий I дыйкандар менен казак-орустардын антифеодалдык көтөрүлүшүнөн жана боярлардын падыша Б. Ф. Годуновдун жүргүзгөн саясатына нааразылыгынан пайдаланып, 1604-ж. күзүндө поляк-казак орус отряддары менен Россияга кол салып, 1605-ж. 20-июнда Москваны ээлеген. Жалган Дмитрий Iнин саясатынын элге каршы багыты нааразылык туудуруп, ал элдик көтөрүлүштүн убагында өлтүрүлгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1