Жалгызкыр тоосу

Википедия дан

Жалгызкыр тоосу Токтогул районунун аймагында.

Батыш Карасуу жана Күрпсай өрөөндөрүнүн аралыгында дого сымал ийилип (Нарын өрөөнүн карай) жатат. Узундугу 20 км, туурасы 5-6 км. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1800 м, эң бийик жери 2019 м. Өрөөндөрдөн салыштырмалуу бийиктиги 1400 м. Жалгызкыр тоосу мегантиклиналдык түзүлүштө.

Батыш калталы кыска, тик, түштүгү жантайыңкы (5 км). Борбордук бөлүгүндө, деңиз деңгээлинен 2000 м бийиктикте тоо жаралганга чейинки пайда болгон байыркы түздүктүн калдыктары сакталган. Нарын өрөөнүнө караган түштүк капталы кууш капчыгайлуу, тектирлүү. Нарын дарыясынын нугу ушул аймакта кууш (20-30 м). Нарын менен Карасуунун аралыгындагы бөлүгүнө чаптуу рельеф мүнөздүү.

Too негизинен ташкөмүр карбон мезгилинин башталышында пайда болгон доломиттешкен акиташ теги, кумдук, шагыл, кремнийлүү сланец, юранын кумдук, чополуу сланецтен жана ташкөмүрдөн түзүлгөн. Түштүк капталы кум, шагылдуу келип, каксоо, жарым чөл ландшафты басымдуу; Түндүк капталында бадал, арча кездешет. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5