Мазмунга өтүү

Жамайка

Википедия — ачык энциклопедия

Жамайка
англ. Jamaica
жамай. креол. Jumieka / Jamieka / Jomieka

Герб
Туу Герб
Урааны: ««Out of Many, One People» (Көп адамдуу — бирдиктүү эл)»
Гимн: «Jamaica, Land We Love»
Эгемендүүлүк күнү 6-август 1962-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тили англис тили
Борбор шаары Кингстон
Ири шаарлар Кингстон
Башкаруу формасы конституциялык монархия
Падыша
Губернатор
Премьер-министр
Чарльз III
Патрик Аллен
Эндрю Холнесс
Мам. дини динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
160-орун - дүйнөдө
10 991 км²
2,3
Калкы
• Бааланган (20189)
Жыштыгы

2 930 050 адам (139-орун)
252 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2019)
  • Ар бир жанга

30,040 млрд $ (140-орун)
11 018 $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

15,884 млрд $ (118-орун)
5826 $
АДӨИ ( 2019) 0,726 (жогору) (96-орун)
Акча бирдиги Жамайка доллары (JMD, код 388)
Домени .jm
ISO коду JM
ЭОК коду JAM
Телефон коду +1876
Убакыт аралыгы UTC −05:00

Жамайка (англ. Jamaica, жамай. креол. Jumieka / Jamieka / Jomieka) — Вест-Индияда жайгашкан Улуттар Шериктештигине кирген арал мамлекети.

Этимологиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн аталышы түпкүлүктүү америкалык инйдейлердин «хаймака» деген сөзүнүн бурмаланган вариантынан келип чыккан. Сөзмө-сөз которгондо «булактар аралы» же «булактар жери» деген маанини билдирет[1]

Колумбдун айкели
Кингстондогу Харбор көчөсү (1820-жыл)
Маркус Гарви кулдардын укугун коргоочу жана Жамайканын биринчи улуттук баатыры

Байыркы убактарда азыркы Жамайкада жергиликтүү индейлер жашаган. Аралды 1494-жылы Христофор Колумб ачкан. Колумб ошол учурдагы Арагондун падышасы жана анын жубайынын урматына Фердинанд жана Изабелла аралы деп атаган. Бул аталыш сакталып калган жок, арал өзүнүн Жамайка деген жергиликтүү аталышын сактап калды. Испаниялыктар аралга биринчи конушун 1509-жылы негиздешкен[2].

Испаниялыктар Жамайкага келген учурда, аралдада аравак индейлери жашашкан, алардын жалпы саны болжол менен 60 миң адам эле. Испания үстөмдүк кылган мезгилдерде Жамайкадагы индейлер дээрлик толугу менен жок болушкан. 1611-жылга чейин аралда болгону 74 индей улутундагы адамдар гана калган.

Жумушчу күч катары испандар XVI кылымдын башында Африкадан Жамайкага кулдарды алып келе башташкан. Бирок, испандар аралды бир жарым кылым бою толугу мененколониялаштырышкан эмес, 1655-жылы аралды англиялыктар басып алышкан жана Жамайка расмий түрдө 1670-жылы Англиянын колониясы деп жарыяланган.

Азыркы Кингстондун жанындагы табигый, порт куруга ыңгайлуу деңиз жээгинде англиялыктар чеп курушкан. Чептин жанында Порт-Ройял шаары түптөлө башаган. Көп өтпөй бул шаарга деңиз каракчыларынын борбору Тортуга аралынан көчүп келгенине байланыштуу — «бүткүл христиан дүйнөсүндөгү эң күнөөкөрлөрдүн шаары» деген каймана аталышы менен белгилүү болгон. XVII кылымдын аягында Порт-Ройял шаарында 8 миң тургун болгон, алардын ичинен бир жарым миңи деңиз каракчылары болгон.

Деңиз каракчылар испан кемелерин тоноп, Порт-Ройял шаарына тапкан олжолорун алып келип турушкан, мындай окуялар шаардын бат өнүгүүсүнө алып келген. Бирок, 1692-жылдын 7-июнунда катуу жер титирөөдөн улам көп бөлүгү талкаланып жок болгон. Испаниянын католик чиркөөсү «Кудай ыймансыздардын шаарын күнөөлөрү үчүн айыптады» деген билдирүүсүн жарыялаган.

Бирок бул кырсыктуу окуляарга карабай, ошол мезгилде англиялыктар Жамайканын башка аймактарында отрукташып, аралды ири кант колониясына айландырышкан. Кант плантацияларынын көпчүлүк бөлүгү аралдын түштүгүндөгү түздүгүндө жайгашкан. Жамайканын ички аймактары мал багууда жайлоо сыяктуу колдонулган. Жамайканын өнөр-жай ишканалары чийки кант, патока-меласса жана атактуу жамайка ромун өндүрүшкөн.

Африкадан алынып келинген кулдардын көтөрүлүшү англиялыктардын арасында тынчсыздандырууну жаратып келген. XIX кылымдын башында, болжол менен акыркы 150 жыл ичинде мындай көтөрүлүштөрдүн 30дан кем эмеси болгон[3][4][5]. XVII кылымдын экинчи жарымында Жамайканын эң алыскы тоолуу жана токойлуу аймактарында марондор деп аталган качкын негр-кулдардын жана алардын урпактары отурукташкан жана өзүнчө мамлекет сыяктуу аймакты негиздешкен. Марондор малдарды жана башка талап-тоноолорду жүргүзү максатында англиялыктардын айылдарына кол салып турушкан. Англиялыктар XVIII кылымдын аягында марондорду Африкага депортация кылышкан.

1831-жылы Жамайкада кулдардын ири көтөрүлүшү болгон[6], анда болжол менен 60 000 кул иш ташташкан жана бул окуя Британиянын колонияларында кулчулукту жоюу боюнча чечимди кабыл алууну тездеткен деп эсептелет[7][8].

XIX кылымда, 1833-жылы кулчулук жоюлгандан кийин, Жамайкада англис колонизаторлору үчүн «кыйын мезгил». Негр кулдарынын бошотулушу Жамайканын плантация чарбасын олуттуу начарлаткан. Индия менен Кытайдан келишимдик негизде алынып келинген жумушчулар дагы айыл чарба багытындагы иштерди толук канды алып кете алышкан эмес. Жыйынтыгында Жамайкада кант өндүрүү кескин кыскарып, мындан тышкары, Европада кызылчадан кант өндүрүшүнүн өсүшүнө жана Куба менен Явада кант өндүрүшүнүн көбөйүшүнө байланыштуу атаандаштык күчөшү аралдын экномикасын кыйла начарлаткан.

XX кылымда Жамайканын экономикалык абалы АКШдан келген инвестициянын натыйжасында олуттуу өзгөрдү. Америкалык компаниялар Жамайкада ири банан, какао, кофе жана кокос өндүрүшүн уюштурушкан. Америкалыктар Жамайканын инфраструктурасын өнүктүрүүгө да жардам беришкен.

1943-жылы Жамайкада жалпы шайлоо укугу, 1944-жылы жарым-жартылай өзүн-өзү башкаруу системасы киргизилген. 1959-жылы Жамайкага ички өзүн-өзү башкаруу берилген, 1962-жылы августта Британия Ямайкага көз карандысыздык берген.

Жамайка Чоң Антил аралдары тобундагы аралдардын арасынан аянты боюнча үчүнчү чоң арал болуп саналат. Негизги аралы 17° менен 19° түндүк кеңдиктеринин жана 76° менен 79° батыш узундуктарынын арасында жайгашкан. Ал Кубанын түштүгүнөн 145 км, Гаитинин батышнан 160–190 км жана Кайман аралдарынын түштүк-чыгышынан 290 км аралыкта жайгашкан. Континенттеги эң жакын чекити — Гондурас менен Никарагуанын чек арасындагы Кабо-Грасьяс-а-Дьос тумшугу, ал Жамайканын түштүк-батышында 630 км алыстыкта жайгашкан. Аралдын батыштан чыгышка карай 225 км, ал эми түндүктөн түштүккө карай 35тен 82 кмге чейинки аймакты ээлеп жайгашкан. Жалпы аянты — 10 991 км². Жээк сызыгынын жалпы узундугу — 1022 км[9].

Рельефи жана геологиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ямайканын рельефи татаал жана ар түрдүү, бул анын геологиялык тарыхы жана климаттык шарттары менен байланыштуу. Аралдардын аймактарын үч негизги геоморфологиялык аймакка бөлүп караса болот: чыгышындагы тоолор, борборундагы өрөөндөр жана жалпак тоолор, ошондой эле жээк түздүктөрү.

Жамайканын чыгышында Блу-Маунтинс тоолору жайгашкан, алар аралдын эң бийик бөлүгү болуп саналат. Бул тоо кыркалары метаморфикалык тектерден түзүлгөн жана түндүк-чыгыштан түштүк-батышка карай созулуп орун алган. Блу-Маунтинс тоолорунун эң бийик жери — Блу-Маунтинс чокусу, анын бийиктиги 2,256 метрге жетет[10].

Блу-Маунтинс тоолорунун түндүгүндө Жон-Кроу тоолору жайгашкан, алар негизинен акиташ тектеринен турат жана 1,000 метрден ашык бийиктикке чейин жетет. Аралдын борбордук бөлүгүндө, кургак акиташтуу тайпак тоолору жайгашкан, түндүгүндө Драй-Харбор тоолору жана түштүгүндө Манчестер тайпак тоосу орун алган. Бул аймактарда акиташ тектери эски магмалык жана метаморфикалык тектерге өзгөрөт[11].

Жамайканын аймагынын болжол менен экиден үч бөлүгү акиташтуу тектерден туруп, өз кезегинде карсттык рельефтин кеңири таралышын байкаса болот. Жердеги чуңкурлар, үңкүрлөр, жер астындагы суулардын нугу жана кызыл топурактуу өрөөндөргө карсттык ландшафт мүнөздүү. Аралдын батышында Кокпит деп аталган аймакк жайгашкан, ал дүйнөдөгү эң көрүнүктүү карсттык аймактардын бири болуп саналат. Бул аймакта тик жарлар жана конус формасындагы дөңсөөлөр кеңири таралган.

Кээ бир өрөөндөр, мисалы, Кларендон өрөөнү, Куин оф Спейнс өрөөн жана Нассау өрөөнү, карсттык процесстердин натыйжасында пайда болгон жана кызыл топурактуу келип, айыл чарбасы үчүн абдан ылайыктуу.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]