Мазмунга өтүү

Жамал Абдунасыр

Википедия — ачык энциклопедия
Жамал Абдунасыр
ар. جمال عبد الناصر
Жамал Абдунасыр
2-чи Мисирдин Президенти
Андан мурунку: Мухаммад Нажиб
Андан кийинки: Аныбар Садат
 
Туулган жылы: 15-январь 1918
Туулган жери: Александрия, Мисир Падышалыгы

Жамал Абдунасыр Кусейин, Гамаль Абдел Насер (ар. جَمَالُ عَبْدُ ٱلنَّاصِرِ حُسَيْنُ; 15. 1. 1918, Египет, Асьют провинциясы, Бени-Мур шаары – 28. 9. 1970, Каир) – Мисирдин мамлекеттик жана саясий ишмери, 1939-жылы Каир аскер окуу жайын (1939), Генералдык штабдын аскер коллежин (1942) бүткөн. Мисир жана Судан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн. 1948– 49-жылдардагы Араб-Израиль согушуна катышкан. 1949– 52-жылыподполковник наамында Мисир генералдык штабынын аскер коллежинде мугалим. 1949-жылы «Эркин офицерлер» жашыруун саясий уюмунун негиздеп жана жетектеп, 1952-жылы 23-июлда мамлекеттик төңкөрүштү ишке ашырган. 1953-жылы премьер-министрдин орун басары, 1954-56-жылы премьер-министр, ошол эле убакта президенттин кызматын да кошо аткарган. 1956-жылдын июнь айы- нан Мисирдин президенти. 1958-жылдан Бириккен Араб Республикасынын (Сирияны кошкондо) президенти. 1956-жылы Мисирге каршы багытталган Англия-Франция-Израиль агрессиясына каршы көтөрүлгөн египет элинин күрөшүн жетектеген. 1956-жылдан Мисир куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы. Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурган. Н. улуттук көз карандысыздык үчүн күрөшкөн араб элдеринин биримдигин катуу колдогон. 1963- жылдан Араб социалисттик союзунун (1964) төрагасы. Араб өлкөлөрүнө каршы уюштурулган Израиль агрессиясынын натыйжаларын жоюу үчүн 1968-жылы 30-мартта атайын Аракет программасын иштеп чыккан.