Жамал Ташибекова

Википедия дан

Ташибекова Жамал Чуйбековна – (1937 - 2020) көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, 1980-жылдан 1986- жылга чейин Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болгон.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жамал Ташибекова 1937-жылы 29-августта Фрунзеде туулган. Атасы куруучу болгон жана Жамал эки жашында каза болуп калган. Апасы балдар үйүндө иштечү. Мектепти аяктагандан кийин Москва жеңил өнөр жай технологиялык институтуна тапшырып, аны “инженер-технолог” адистиги боюнча бүтүргөн (1960) жана КПСС БКнын алдындагы Москва жогорку партиялык мектебин сырттан окуп бүтүргөн (1971). Жыл сайын Ленинграддагы “Комсомолка” кийим тигүү фабрикасында өндүрүштүк практикадан өтүп турган.

Эмгек ишмердүүлүгүнүн башталышында, 1964-1967-жылдары Кыргыз ССРинин Тиричиликти тейлөө министрлигинде өндүрүштүн башчысы, № 1 филиалдын жетекчиси, “Киргизия” фирмасынын башкы инженери жана башкы директору болуп иштеген. Андан кийин “Октябрдын 40 жылдыгы” тигүү фабрикасында бригадир, участоктун мастери, сменанын жетекчиси, “Технологиялык маалымат бюросунун” жетекчиси катары эмгектенген.

1967-жылы Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетине өнөр жай-транспорт бөлүмүнүн инструктору, жеңил жана азык-түлүк өнөр жай бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп которулган. 1971-жылы эл депутаттарынын Фрунзе шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Бюросунун мүчөлүгүнө кандидат, 10-12-чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болгон.

Ташибекова 1980-жылдан 1986-жылга чейин Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, бир эле учурда тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Эгемендик алган жылдары Чет өлкөлөр менен достошуу жана кызматташуу коомун жетектеген, Өкмөткө караштуу Үй-бүлө, аялдар жана жаштар иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрайымы болгон жана Кыргызстандын аялдар уюмдарынын федерациясынын башында турган.

Жамал Ташибекова көптөгөн эл аралык жолугушууларга, симпозиумдарга, конгресстерге СССРдин, Кыргыз ССРинин атынан татыктуу катышкан. 1980-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 35-сессиясына СССРдин тышкы иштер министри А Громыко башында турган советтик делегациянын курамы менен катышкан.

2020-жылдын 11-августунда каза болуп, 13-августта “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилген.

Коомдук кызматта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1986-жылы Чет мамлекеттер менен достук коомдор союзунун төрайымы болуп иштеген. Андан кийин 1997-жылы Үй-бүлө, аялдар жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрайымы болгон. 1998-жылдын май айында Бишкекте Кыргызстандын аялдар уюмдарынын федерациясы түзүлгөн. Анын курамына аялдардын 12 бейөкмөт уюму кирип, төрайымы болуп Жамал Ташибекова шайланган.

Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 75 жылдыгына карата Чолпон-Ата шаарында Федерация “Кыргызстандын аялдары: кечээ, бүгүн, эртең” аттуу семинар өткөргөн.  ЮНИСЕФтин колдоосу менен аялдардын бейөкмөт уюмдарынын катышуусунда конференция өткөн, ага Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана Украина өңдүү мамлекеттерден бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышкан. “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген мамлекеттердин аялдардын бейөкмөт уюмдарынын ассамблеясы” эл аралык өкмөттүк эмес уюм түзүлгөн. Жамал Ташибекова Кыргызстандын улуттук координатору болуп дайындалган.

1997-2004-жылдары Ташибекова “Кыргызстан аялдар уюмдарынын федерациясы” коомдук уюмунун төрайымы кызматын аркалаган.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин анын жетекчилиги алдында 23төн ашык достук коому түзүлгөн: Кыргызстан-Индия, Кыргызстан-Германия, Кыргызстан-АКШ, ошондой эле Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана башкалар менен. Элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангы ыйгарылган. Анын ысымы дипломатиялык маалымдамага киргизилген. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин Достук үйүнүн дирекциясынын директору болуп иштеген.

2020-жылдын 11-августунда каза болуп, 13-августта “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилген.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жамал Ташибекова Марс Байчериковго турмушка чыккан. Марс Байчериков Ленинграддагы инженердик-курулуш институтунун бүтүрүүчүсү, курулуш уюмунда механик кызматынан республиканын Ооганстанда интернационалдык миссияны аткарган Улуттук коопсуздук министрлигинин төрагасынын орун басарына чейин жеткен. Ал 1990-жылдын декабрында көз жумган. Жубайлар балдары Темирбек менен Айнуруну тарбиялашкан. Уулу Темирбек Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн, философия илимдеринин кандидаты. Жамал Ташибекова 6 неберенин чоң энеси.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жигердүү эмгеги жана өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн “За трудовую доблесть” медалы (1971-ж.), “Ардак Белгиси” ордени (1981-ж.), “Эмгек Ардагери” медалы (1984-ж.) менен сыйланган. “Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси” дипломатиялык рангы бар.

Чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштардын Советтик коомдорунун Союзунун Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бектурганова Күлбүбү Арыковна. Кыргызстандын асыл кыздары. Сүрөтчүсү А. Касымалиев. – Б.: Мамл. тил ж-а энциклопедия борбору, 2006. – 112-117 б..ISBN 9967-14-040-2

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://www.president.kg/ru/sobytiya/17362_nekrolog_dghamal_tashibekova