Жамгырчинов Бегимаалы

Википедия дан

Жамгырчинов Бегимаалы - (15. 10. 1914, Пишпек уезди, азыркы Сокулук району, Күнтуу айылы – 31. 10. 1982, Бишкек) – тарых илимдеринин доктору (1950), профессор (1951), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954), Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1970), кыргыз тарыхын изилдөөгө өзгөчө салым кошкон тарыхчылардын бири. 1936-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөндөн кийин, ошол эле институтта окутуучу, 1943–50-ж. СССР ИАнын Кыргыз филиалында улук илимий кызматкер, 1950–51-ж. филиалдын Тарых, тил жана адабият институтунда директор, 1951–54-ж. КМУнун ректору, 1954–55-ж. Кыргыз ССР ИАнын академик-катчысы, 1965–76-ж. вице-президенти, 1976–82-ж. Тарых институтунда сектор башчы, бөлүм башчы болуп иштеген. Жамгырчинов өз эмгектеринде негизинен кыргыздардын этногенезин жана этностук тарыхын, маданиятын («Кыргыздар Ормон хандын доорунда», 1944; «Кыргыздардын 18-кылымдын аягындагы согуш мамилелеринин тарыхынан», 1945; «Кыргыздын санжырасынан», 1946 жана башка) изилдөөгө алган. Айрыкча Кыргызстан менен Россиянын алакасына («Кыргызстандын Россияга кошулушу», 1959; «Кыргызстандын Россиянын составына ыктыярдуу кошулушу», 1963 жана башка) жана кыргыз тарыхынын ар кандай багыттарына арналган көлөмдүү эмгектерди, ошондой эле окуу куралдарын жазган. Кыргызстандын тарыхынын бардык басылыштарынын авторлорунун жана редакторлорунун бири. Ж. 150дөн ашык илимий, окуу китептин жана эмгектин (анын ичинде 8 монография, 3 китепке авторлош) автору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3–4-, 7–8-чакырылыштарынын депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы, Эл Достугу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1