Жамийла (повесть)

Википедия дан
Жамийля Садыктын фронттон жазган катын окууда.

Жамийля - Бекзат Котович биринчи көлөмдүү повести (1958). Повестте Данияр м-н Жамийланын махабаты боз улан бала Сейиттин айтуусунда берилет.

Айтматов "Жамийляны" Москвадагы Бүткүл дүйнөлүк М.Горький атындагы адабият институтунда жүргөн кезинде, Тверь саябанындагы батиринде жашаган кезде ак кагазга түшүргөн. Повесттин адегендеги аты “Обон” деп аталып, кыргызча ушул ат менен жарык көргөн. Орус тилинде “Новый мир” журналына (1958, № 8) “Жамийла” деген ат м-н жарык көрүп, дүйнө элдеринин тилдерине ушул ат менен белгилүү болгон.

Чыгармадагы окуянын лирика-романтикалык маанайда баяндалышынан улам повестти адабиятчылар “кара сөздөгү поэзия же прозадагы ыр” деп да атап жүрүшөт. Чындыгында да чыгарманын мазмундук өзөгүн түзгөн тема – сүйүү темасы: Жамийла м-н Даниярды табыштырган махабат; ошондой эле турмушка, элге, жерге, жашоого болгон чексиз сүйүү м-н адамдагы руханий сулуулукка болгон сүйүүнү, умтулууну бириктирген адамдык бакыбат зор сүйүүнүн Жамийладагы личносттук “мендин” патриархалдык салт-санаа, түшүнүк үстөмдүк кылган чөйрөдөгү үй-бүлө түшүнүгүнө кайчы келиши сыяктуу маселелер м-н тыгыз биримдикте каралат.

Автордун өз чыгармасын адегенде «Обон» деп аташы бекеринен эмес, анткени обон повесттин бүткүл сюжеттик-композициялык курулушунда чоң роль ойноп, анын негизги идеялык-көркөмдүк табиятын аныктап турат. Повесть жарык көргөндөн бери, өзгөчө өзүбүздүн улуттук адабий чөйрөбүздө Жамийланын Садыктан кетишине байланыштуу талаш пикирлер айтылып келет. Повесттин образдар системасын талдоодо «Садык Жамийланы сүйөт эле болчу, ал катты өз учурундагы эреже-жосундарга ылайык жазат, Жамийланын аны чанып, башкага кетүүсүнүн эч жүйөөсү жок, жеңил ойлуулук» деген пикирлер көп айтылды. Бул жерде кеп Садыкта эмес, Жамийлада, аны Даниярга жолуктурган тагдырда. Эгер көпчүлүктөн кескин айырмаланган мүнөзү, романтикалуу жандүйнөсү, августтун ажайып түндөрүндөгү керемет обондору м-н Данияр келбесе, Жамийла Садыкты күтүп, бара-бара чоң, кичине үйдү башкарган нарктуу кайнененин ордун басмак. Бирок көңүлгө канат байлап, мазмундуу жашоого умтулткан, күчтүү толкун болуп каптап келген сүйүүсүнөн баш тартып, ар кандай чектөөлөргө, адат-салтка баш ийип жашоо Жамийла сыяктуу күчтүү, бакыбат натурадагы аялга туура келмек эмес. Ошол себептүү ал акыры «эски шинели м-н тамтыгы чыккан өтүгүнөн башка эчтемеси жок» Даниярды «башын бийик көтөрүп, кылчайбай» ээрчип кетет.

Кийин сүрөтчү болгон Сейит да өмүр тарыхына жылуу из калтырган балалык учурга көп убакыт өткөндөн кийин кайрылып, андагы өзү күбө болгон сүйүү баянынын тазалыгына эч шек кылбай окурмандарга эскерип айтып берет. «Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгынан Даниярдын обону угулсун! Сүрөт тарткан боёктун ар бир сүрткөн сызыгында Жамийланын жүрөк оту болсун!» деген художник-баяндоочу Сейиттин сөзү м-н повесть аяктайт. Повесттен, ошондой эле автордун сюжет куруу, сөз м-н иштөө чеберчилигинин өзүнчөлүгүн көрүүгө болот. Андагы портреттик, пейзаждык сүрөттөөлөр, көркөм сөз каражаттарынын ар бири чыгарманын идеялык-көркөмдүк системасында белгилүү бир маанилүү милдет аткарып, поэтикалык ойдун өсүш ыраатын шарттап турат.

Ким, эмне деди?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Жамийла" чыныгы турмуштан алынган чыгарма. Жазуучу бул жөнүндө минтип эскерет:

"Даниярдын прототиби да ошондой эвакуациялангандардын бирөө болучу. Жаңылбасам, Казакстанда төрөлгөн, балдар үйүндө чоңойгон адам эле. Ал узун бойлуу, олбурлуу, көп сүйлөбөгөн, түнт жигит. Бир топ согуш жарадарлары менен бирге Шекерге жиберилиптир. Баарынын эле согуштан алган жараттары жеңил болбогону менен эптеп жумуш кылса болот эле. Даниярды "өкмөттүн баласы" дешчү. Сол буту менен аксап басчу.

Бир күнү ал келбеттүү, жаркылдаган жаш келинибизге кезигип калат... Ошентип Жамийла менен Даниярдын ортосунда улуу махаббат оту жагылат.

Анан сүйүүгө мас ал экөө ошол мезгилде мендей бир өспүрүмдүн арттарынан калбай акмалап махаббат майданындагы алардын кыймыл-аракетин, айткан-дегинин көзөмөлдөп жүргөнүн кайдан билишсин? Арийне, мен да анчалык эле көзгө көрүнө бербеген, капарга да алынбаган бир кичине бала элем да...

Бирок өзүм атайылап каалабасам да ал экөөнүн сүйүүсүнүн күбөсү болуп калдым. Кээде Данияр Жамийланы, кээде Жамийла Даниярды күтчү. Экөө чогуу жүк ташуучу арабага отурушуп, талааны көздөй жөнөшчү. Ээн талаада экөө ар дайым чогуу жүрүшчү.

Бир күнү эле айылдын баары ызы-чуу түшүп, сапырылып калды. Көрсө алардын айтуусунда биздин келин фронттогу күйөөсүн күткөндөн баш тартып, кайындарын таштап, "аксак Данияр" менен түндө качып кетиптир..."

“Жамийла” повести өзүнүн идеялык-эстетикалык жаңычыл сапаты м-н кыргыз көркөм сөз өнөрүн жаңы бир бийик баскычка көтөрдү. Кыргыз сынчыларынын ичинен БОБУЛОВ Камбаралы биринчилерден болуп оң баа берип, аны “чыныгы махабаттын көркөм баяны” деп атаган. Казак окумуштуусу ж-а жазуучусу М. Ауэзов “Айтматовдун повести психологиялуу, табигый ж-а жөнөкөй... Бул кыргыз прозасындагы жаңы көрүнүш” деп жалпы союздук окурмандардын алдында адил сөзүн айтып чыкса, француз жазуучусу Луи Арагон повестти француз тилине которуп, аны “Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян” деп дүйнө жүзүнө жар салып, бийик баасын берген.[1] Бүгүнкү күндө “Жамийла” дүйнөнүн жүз элүүдөн ашык тилдеринде жарык көргөн.

Повесть тасма жана ырларда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Повестти 1969-жылы МосФильм тартты, реж. Ирина Поплавская. Тасмада Жамийлан ын ролун Наталья Аринбасарова, Даниярдын ролун Сүймөнкул Чокморов ойногон. Сейиттикин Насредин Дубашев аткарган.

1994-жылы реж. Моника Теубер(Monica Teuber) (Кыргызстан,Германия)

Бек Борбиев-"Жамийла"(ыр)

1961-жыл М.Раухверге "Жамийла" (опера)[2]

И.Жаканов "Даниярдын ыры", "Жамийланын ыры" (обон),(Казакстан)[3]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Mамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, Бишкек – 2004

Булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Культура и жизнь, 1958, №7
  2. Кутбилим, Адабият жана Доор, №19, 26-май 2006-жыл
  3. Кутбилим, Адабият жана Доор, №19, 26-май 2006-жыл