Жамиля Иманкулова
| Жамиля Иманкулова | |
| | |
| Туулган датасы: |
28-ноябрь, 1970 |
|---|---|
| Компаниясы: |
El Group Consulting |
Жамиля Иманкулова – 1970-жылы 28-ноябрда туулган. Социалдык ишкер, El Group Consulting компаниясынын негиздөөчүсү, Ecomade брендинин негиздөөчүсүнүн бири. 2022-жылдын май айынан бери Нидерланд Королдугунун Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу[1].
Билими жана ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1993-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин социалдык психология адистиги боюнча аяктаган.
Окуну аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу биринчи Эл аралык бизнес мектебинде, КУУда жана өлкөдөгү башка жогорку окуу жайларда, колледждерде окутуучу болуп иштеген. Эл аралык уюмдарда иштеп, 2003-жылы El Group Consulting консалтинг компаниясын түзгөн[2].
Интегративдик тамактануу институтун (Нью-Йорк, АКШ) аяктагандан кийин Иманкулова өнөктөшү менен эко-чарбаны өнүктүрүү үчүн социалдык бизнести негиздешкен[3].
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Жамиля Иманкулова назначена почетным консулом Нидерландов в Кыргызстане. (орусча) АКИpress (21-май 2022-ж)
- ↑ Жамиля Иманкулова, предприниматель из Кыргызстана: «Я всегда видела вокруг себя сильных и активных женщин». (орусча) WE project (26-ноябрь. 2020-ж)
- ↑ 12 Stories of Successful Women-Entrepreneurs In Kyrgyzstan (Кыргызстандагы ийгиликтүү ишкер аялдар жɵнʏндɵ 12 окуя) (англ.) Undp (11-декабрь, 2019-ж)