Жаналиев Таласбай

Википедия дан

Жаналиев Таласбай (15.3.1923, Коргон-Төбө айылы - 2.10.1999, Жаңы-Базар айылы) - коомдук ишмер.

Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин алдындагы партиялык жогорку мектепти бүткөн (1954). Улуу Ата Мекендик согушка катытуучусу жана Советтик Армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн (1942-47).

  • 1940-42 жана 1947-51-жылдары Айгыр-Жал айылындагы жана Фрунзе атындагы мектептерде мугалим, андан кийин Чаткал райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы,
  • 1954-55-жылдары Чаткал райондук комсомол комитетинин 1-катчысы, партиялык комитеттин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы,
  • 1955-58-жылдары райондук партия комитетинин 3-катчысы, Ала-Бука райондук партия комитетинин уюштуруу иштери боюнча бөлүмүнүн бөлүм башчысы, Жалал-Абад облусунун Чаткал аймагы боюнча өкүлү, Кызыл-Жар МТСинин партиялык уюмунун катчысы,
  • 1959-75-жылдары “Чаткал” совхозунун партиялык комитетинин катчысы, жумушчу комитетинин төрагасы,
  • 1975-80-жылдары “Ак-Таш” совхозунун жумушчулар комитетинин төрагасы,
  • 1980-83-жылдары Чаткал райондук айыл чарба кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы болуп иштеген.

2-даражадагы «Ата Мекендик согуш» ордени, 9 медаль, Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Кыргыз ССР Жогорку Советинин профсоюз уюмунун “Ардак грамотасы” сыйланган. Ысмы Жаңы-Базар айылындагы Чаткал орто мектебине ыйгарылган (2000).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6