Жанат

Википедия дан
Procyon cancrivorus.

Жанат (лат. Procyon) – жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн жанаттар тукумундагы уруусу. Дене узундугу 41–76 смге чейин, куйругу 20–40 см; кулагы, көзү чоң, тумшугу ичке, жүнү калың, көгүш-күрөң, куйругунда карасур шакекчеси болот. Алардын 2 түрү (кадимки жана рак жегич Ж.) белгилүү. Кадимки жанат Түндүк Америкада тараган. Жанат токойдо жыгач коңулунда, кээде аскада жашайт; түрдүү жаныбар жана өсүмдүктөрдү жейт, 9 жума көтөрүп, жазында 2–8 күчүк тууйт. Кыргызстандын жаңгак токойлорунда учурайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1