Жангазы уулу Конушалы

Википедия дан

Жангазы уулу Конушалы (1887, Суусамыр өрөөнү, Кара-Суу кыштоосу - 1972, ошол эле жер) - уста.

Ал негизинен атка така, мык, соко ж. б. тиричиликке керектүү темир шаймандарын жасаган.

Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде 2-жолу тегирмен куруп, ун, талкан тартып, элди ачарчылыктан сактап калууда чоң күч болгон. Устачылык менен эле чектелип калбай, табыпчылык менен алектенип, элге дем да салган. Конушалы устанын уулу Султанбек, небереси Мыктыбек ата өнөрүн улашкан. Өйдөчекти уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9