Жаныбарлардын жана балдарынын кыргызча аталышы

Wikipedia дан
Тез өчүрүүБул баракты тез арада өчүрүү сунушталууда. Өчүрүү сунушу төмөнкү себеп боюнча киргизилген:
Эгерде Сиз бул шартка макул болбосоңуз, бул калыпты өчүрүп жамаат порталына оюңузду билдириңиз.
Администраторлор: Сураныч баракты өчүрүү алдында, тандалган барактын тарыхын карап, анан гана өчүрүңүздөр.


Кыргыздар күнүмдүк тамагына сойчусун союп, жолго чыкса, жонуна минип, сааса сүтүн ичип, кыркса жүнүнөн бутундагы чокоюнан тартып үстүндөгү үйүнө чейин жасаган малды кыргыз баласы жөн гана багып, өзүнө үйүр алдырбастан, ар бир жандыктын жаш курагына, эркек-ургаачысына, жүн сапатына, ал түгүл, тукум улоочулугуна жараша да айырмалап атап алган.

Албетте, шаарда жашап, кабат үйдө мал кармабаган бизге мунун баарын билип эмне деген суроо туулат. Базарда союлуп жаткан тиги кой тирүүсүндө кандай жүндүү болгону эми кимди кызыктырат эле дейсиң?

Ошентсе да, ошол ар бир сөздүн кыргыздар үчүн турмуштук практикалык мааниси чоң. Айрымдарын карап көрөлү.

Малдын асылы — жылкы:

Жылкынын жаш курагына жараша аталыштары көп. Анын бир себеби, жакшылык-жамандыкта союлчу малдын жашы, ага ылайык баасы ар башка болот. Мал сойгон кишинин, келген элдин кадыр-наркын да ошондон билсе болот…

Jylky.jpg

Жылкы баласы – кулун, бир жашка чыкканда тай болот, эки жашта – кунан болот. Кызыктуусу, жылкы баласынын кулуну беш-алты айга чейин жабагы аталат. Бирок муну азыр билгендер азыраак. Кыргыз-тил китебин окуп жаткан студент. Архив Кыргыз тилин үйрөнүүчүлөр үчүн видеокурс жарык көрдү Тай, кунанды тестиер балдар минсе, жылкы баласы үчкө толгондон кийин, чоң кишилер да мине берет. Ошон үчүн үчтөн ашып бышып жетилген жылкы баласы бышты аталып калгандыр. Бешинчи жылдан тарта бир асый, андан ары эки асый, үч асый деп аталат. Бул жылкы чындап баралына жетип, сатса баа боло турган курагы. Бекеринен асый деген сөз асыл — баалуу деген сөзгө үндөшпөсө керек. Ургаачысы бээ болот. Эки жаштан кийинки, кулундай элек бээни байтал дешет. Тукум улай турган бычылбаган эркеги — айгыр, ал кичирээк кезинде айгырак аталат. Жылкынын бычылганын жөн гана ат дешет. Тоо-түздө ээн өсүп, минип жүрүүгө, арабага кошконго үйрөтүлбөгөн, тапталбаган ат азоо болот. Ошондой эле жылкы баласынын күчтүү, алты ай минсе арыбаган күлүгүн буудан да дешет.

Кой

Кой майда малдын катарына кирип, минерге же жалгыз өзү чоң тойдун союшуна жарабаса да, кыргыз баласы үчүн орду чоң. Ошон үчүн бул жандыкка тиешелүү сөздөр кыргыз тилинде көп.

Ошентип, кой баласы козу болот. Бир жашка толуп калганын күрпөң дешет. Минтип ажыратып аталып калганы, бир жаштан кийин койду соё берсе болот экен. Койдун эки жашка чыккан ургаачысы – токту. Ал төлдөй турган жашына жеткенде тубар кой аталат. Бирок жибек кездеменин түрүн атоочу тубар деген сөзгө үндөш болгону менен, бул сөз чынында туур, тууй турган деген сөз менен уңгулаш. Касапчы. Архив Кыргыз ырымдары: кайсы досуң сага кас экенин билгиң келсе, баарын бешбармакка чакыр.

Төрт жаштан ашкан ургаачы койду соолук дешет. Тукум улоого эмес, семиртип этке союла турган эркек козу бычылып, бир жаштан ашкандан кийин ирик аталат. Ал эми бычылбаган, тукумдукка багыла турган эркек кой кочкор болот. Кой жүнүнө жараша да бөлүнөт. Айылдын энелери жүнү кыркыла элек койлордун бирин карап "жарагандай жүнү бар экен" десе, дагы бирин "муну кырксаң, сатып эле ийбесең болбойт" деп көз менен эле баалап коюшат. Алардын айырмасы эмне? Мытыс (метис) койдун жүнү жумшак жана ичке болот (меринос). Андан айырмаланып кылчык жүндүү кой. Жанагы сатып ийгенге жарачусу дал ушул кылчыктуусу болот.Уяң жүндүү койлор кездешет. Ошону жана кара жүндүү койлорду кыргыз кой деп да аташат. Тегерек май куйруктуу койлор эл арасында кисер аталат. Аны көбүнчө кыргыз кой деп жаңылыш айтышат. Чынында, бул Тажикстандан чыккан гисар (жердин аталышы боюнча) деп аталчу, кылчык жүндүү койдун өзү. Аны совет доорунда кыргыздын уяң жүндүү кою менен аргындаштырып, айкөл деп аталган түрүн өстүрүшкөн. Ал эт-май жагынан да, жүн жагынан да берекелүү мал болуп эсептелет.

Уй

Бул бодо малды да жаш-курагына жараша көп айырмалашат. Жамандык-жакшылыкка союлчу ири малдын бири ушул. Ошол себептен болсо керек, бул малдын да аталыш түрлөрү көп.

Уй баласы – музоо, бир жашка торолгондо торпок аталат. Ал эми ургаачы баласы бир жаштан ашкандан кийин тай кунаажын, эки жаштан кийин кунан кунаажын, үч жашында бышты кунаажын болуп айырмаланганы менен, негизи, кунаажын деп туур жашына жетип калган ургаачы уйду аташат. Айрым жерлерде аны тубар уй да дейт. Ал эми үч жаштан өтүп, музоо тууган уйду адатта инек дешет. Уйдун эркеги бука болот, бычылганы өгүз аталат. Дагы оопаз же ноопаз деген сөз айтылат, ал бычылган буканын төрт жашка караганы.

Эчки

Кызыктуусу, бул мал кыргыз баласы колго үйүр алдырганы менен, жапайы тукумдаш түрлөрү биздин жаратылышта көп кездешүүчү жалгыз жандык. Кош туяктуулардын пири аталган Кайберен да элдик мифологияда дал ушул эчки кейпинде көзгө көрүнөт. Ал эми эчки деп жаныбардын ургаачы аталат, баласы — улак, айрым жерлерди – чыбыт, эркеги – теке.

Төө

Көчмөн элдеринин турмушунда унаа катары зор мааниге ээ бул жандыктын баласы тайлак же бото аталат. Төл алып келген ургаачысы иңген болот. Ал эми жаныбардын күлүгү, жеңил жүрчү күчтүүсү желмаян аталат. Төөнүн бир өркөчтүүсү нар, тукум улоочусу буура, бычылганы атан болот. КӨЧМӨН ЭЛДЕРИНИН ТУРМУШУНДА УНАА КАТАРЫ ЗОР МААНИГЕ ЭЭ БУЛ ЖАНДЫКТЫН БАЛАСЫ ТАЙЛАК ЖЕ БОТО АТАЛАТ.

Бодо мал, майда малдан башка, кыргызга үйүр алып, анын турмушун илгери-кийин коштоп келген башка жандыктар да кыргыз тилинде өз алдынча аталышка ээ.

Жөн гана сөздүк иретинде:

Ит баласы — күчүк

Мышык баласы — мыймый

Эшек баласы — такай, коделек

Эшек менен жылкынын аргындашканы – качыр

Чочко баласы — торопой

Жапайы жандыктардан:

Эликтин баласы — чаарчык, эркеги куран, ургаачысы телки аталат.

Топоздун баласы — мамалак

Аркар баласы — козу, аркардын эркеги — кулжа

Бугу баласы — музоо

Суур баласы — чөндөлөй

Чычкан баласы — мөндөлөй

Карышкыр, бөрү баласы — бөлтүрүк

Коёндун баласы — бөжөк

Аюунун баласы — мамалак

Түлкүнүн баласы — бачики

Чөө баласы — бөлтүрүк (күчүк да дешет)

Пилдин баласы төөнүкүндөй эле бото деп атоо кездешет.

Ал эми арстан менен жолборстун балдарын атай турган кыргызда өз алдынча сөз жок экен. Алар арстандын баласы же арстандын күчүгү жана илбирстин баласы деп гана айтылат. "Манаста" азыр которуусуз колдонулуп жүрчү носорог кыргызча керик экени, ал эми жирафтын акыра, кенгуру болсо бөрсө экени айтылат.

Канаттууларга келсек, жырткыч канаттуулар жалпысынан куш, эркеги чүйлү деп да аталат экен. Өрдөктүн ургачысы – чүрөк, эркеги – кайырма деп айтылат. Ал эми күкүк – бул сайран куштун эркеги, ургаачысы сейнек болот. Кыргоол – корозу, бозтек – мекияны. Кыргыздарда кеңири тараган үй канаттууларынын ичинен эркек-ургаачысы, баласы өз алдынча аталышка ээ болгону аз экен. Ал тоок же мекиян, эркеги – короз, баласы жөжө. Дагы жумуртка басып чыкканы жаткан ургаачысын күрп тоок аташат. Ушул эле күрп деген сөз айрым жерлерде үндүктү билдирет. Үндүктүн баласы балапан күрп деп аталат. Ал эми каз, өрдөк сыяктуу үй канаттуулардын балдары жөн гана каздын баласы, өрдөктүн баласы деп аталат. Бирок бала деген сөздүн ордуна балапанды колдонсо калпыстык болбойт. Ар бир жандыктын эркек-ургаачысына, жашына жана башка өзгөчөлүгүнө жараша берилген атайын аталыштардын бар-жогу ошол жандыктын кыргыз баласынын турмушунда ээлеген ордуна жараша экенин байкоого болот.

маалымат[оңдоо | булагын оңдоо]