Жаныбарлар стили –
Жаныбарлар стили – тератологиялык стиль (грек. teras – укмуштуу жаныбар, желмогуз) – алгачкы коомдук түзүлүштүн көркөм искусствосунан келип чыккан, айрыкча көчмөн элдерде (мисалы, алтай скифтеринде) кеңири тараган орнаменттердин бир түрүнүн аталышы. Ж. с. орто кылымдын кол жазмаларында жана жасалга-колдонмо көркөм искусствосунда да кеңири колдонулган. Чыгыш элдериндегидей эле европа элдеринде да кеңири тараган. Бул түрдөгү орнаменттерге стилдештирип сүрөттөлгөн жомоктогу айбанаттардын жана куштардын, өсүмдүктөрдүн жана айбанаттардын таң каларлыктай мотивдери мүнөздүү. Ж. с-нин кайталангыс өзгөчө варианты байыркы орус көркөм искусствосунда, андан алгач – славян элдеринин көркөм искусствосунда да кездешет. Ж. с-нин кеңири таралышы орус китеп миниатюрасында XI–XIV кылымдарга таандык (мисалы, Остромиров евангелиеси, XI–XIV к., Новгород жана Смоленск кол жазмалары, XIV к.)
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004