Жаныбеков Мырзабек
Жаныбеков Мырзабек Мүйүзчү жана таш чеккич. 1960-ж. Ат-Башы районундагы Калинин колхозунун Ак-Талаа айылында төрөлгөн.
Атасынын таалимин алган. Бишкектеги N9 19 (азыр № 92) кол өнөрчүлүк кесипчилик-техникалык окуу жайынын сөөк жана мүйүз буюмдарына узануу бөлүмүн бүтүргөн. Мында чебер мугалимдер Абдылдаев Дүйшөнбектин, Чаланов Ишендин жетекчилиги менен «5-разряддагы чебер» деген наамда диплом алган. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Мүйүз, сөөк буюмдарынын чебери жердикти иштетүүдө жасалуучу үлгүгө ылайыктайт. Мында сүрүү, жонуу, кесүү аракеттеринен кийин буюмду өз калыбына келтирет. Аны жылмалоо аркылуу ага жылтырак катмар түзүлөт да, үлгү өзүнүн жүзүнө чыгат. Кармаган мүйүз буюмдарына жез, мис, мелхиор, дат чалбас сыяктуу түстүү металлдарды чаап, эергерчиликти да колго алган. Таш чеккич уста катары таштан жасалуучу буюмун көлөмүнө жараша тандайт. Жаргылчагын сай таштан чегет. Үстүңкү бетине элдик оюм берет. Уста камчынын жаңы үлгүсүн чыгарууда анын өрүмүнө ак кайыштан тал тилип, аны төрт кыр кылып өрүп, учун чаян түйүштөйт. Майда жандыктын, тайдын көгү менен 24 тал аркылуу «терме өрүмдү», «суйсал өрүмдү» жаратат. Ал өрүм көгүн жолдотууда чылгый терини шар сууга байлап көктүн жытын кетирет. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык кароо-сынагы». Мүйүз буюмдары үчүн Обкомдун жана Облаткомдун диплому; 1987-ж. Улуу Октябрдын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Мүйүз жана таш буюмдары үчүн Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин II даражадагы диплому; 1989 ж. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин 20 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». «Кыял» бирикмесинин Ардак грамотасы; 1990 ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Сөөк жана таш буюмдары менен катышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0