Жаны макалоо баштоо

Википедия дан

КРИЗИС, с а я с и й к р и з и с – саясий институттардын ишмер-дүүлүгүнүн туруксуздугу, шайкеш келбестиги, экономикалык процесстерди башкаруу мүмкүнчүлүгүнүн төмөндөшү, массанын сындоо активдүүлүгүнүн күчөшү менен мүнөз-дөлгөн коомдун саясий системасынын, биринчи кезекте анын мамлекеттик – бийлик структурасынын өнүгүшүнүн жана жашоосунун өзгөчө абалы. Саясий К. өзүнүн калыптанышында бир нече этаптарды басып өтөт: коомдун же анын саясий системасынын кризис болоор алдындагы абалы, б. а. конфликттик кырдаалдын өнүгүшүнүн компромисс жолу менен чечүүгө мүмкүн болбой калган деңгээлге чейин жетиши; кризистин пайда болушу, коомдун алдында турган проблемаларды өкмөт саясий методдор менен чече албай калгандыгын түшүндүрөт; кризистин өнүгүшү жана курчушу, саясий структуралардын кулашын өзүнө камтып, бийликтин жоюлушуна алып келет. К-тин курчушу анын чечилишинин башталышы да же саясий катастрофанын башталышы да болуусу мүмкүн. Саясий К. – коомдун тагдырындагы кыйын кезең, кайгылуу учур. Эгерде аны ийгиликтүү чечсе, анда ал коомдун жана анын саясий системасынын өнүгүшүндөгү жаңы этаптын башталышы болот. Социалдык системанын карама-каршылыктарынын жана ага байланышкан кризистердин үч тиби бар: функционалдык, структуралык жана системалык. Биринчи тиби коомдун жана анын саясий системасынын ишмердүүлүк механизмдеринин бузулушу, мамлекеттик бийлик институттарынын иш формаларынын жана методдорунун турмуштун өзгөргөн социалдык-экономикалык шарттарда дал келбей калуусу менен түшүндү-рүлөт. Бул кризистен чыгууга тийиштүү реформа жүргүзүү жетиштүү болот да, мамлекеттик түзүлүштүн формасын өзгөртүү зарылчылыгы талап кылынбайт. Саясаттагы структуралык К. башкаруучулар коомдогу кыйынчылыктарды, анын оор проблемаларын чечүү жөндөмдүү-лүгүн жоготту – дегенди билдирет. Объективдүү жактан алып караганда коом өзүнүн өнүгүшүндө бир баскычтын чегиндеги мүмкүнчүлүктөрүн бүтүрдү жана сапаттык жаңы баскычка өтүү шарттары жетилди да, кийинчерээк башка сфераларда структуралык реформаларды жүргүзүү зарыл. ХIХ к. акыркы чейрегинен баштап капитализмдин эволюциясы мына ушундай жол менен жүргөн. К-тин үчүнчү тиби, системалык карама-каршылыктар – коомдук негизги элементтери (базис, экономика, социалдык сфера, саясат, укук) жашап турган социалдык-экономикалык түзүлүштүн чегинде чечүүгө мүмкүн болбогондой өз ара дал келбөөчүлүккө, карама-каршылыкка келди дегенди түшүндүрөт. Булар социалдык революциянын жүрүшүндө гана чечилиши мүмкүн. Саясаттагы системалык К. – бул мамлекеттик бийлик структурасынын узакка созулган, жабык же ачык шал болуусу, башкаруучу тарабынан коомдук өнүгүүнүн стратегиялык демилгесин толугу менен жоготушу. К-ти чечүүнүн субъектилери катары жаңы таптар ж. б. социалдык катмарлар чыгышат. Саясий К. улам келип чыккан карама-каршылыктардын жогоруда көрсөтүлгөн үч тибинин чыгуу, көрүнүү формалары өтө ар түрдүү. Көпчүлүк учурда – өзгөрүп кеткен экономикалык жана социалдык сферага дал келбей же артта калган саясатты (биринчи кезекте мамлекеттин ишмердүүлүгүн) коргоо формасы. Сейрек учурда – саясий-укуктук надстройканын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлинен озуп кетиши. Мындай озуп кетүү өнүгүүнүн экинчи эшалонундагы өлкөлөргө мүнөздүү. Бул өлкөлөрдө өз мүмкүнчүлүгүн бүтүрө элек чарба жүргүзүүнүн формаларын жыйыштырып, аларды жоюп, чындыктан алыс, ашыкча максаттарды коюп, өнүккөн өлкөлөрдө «кууп жетүү жана ашып кетүү» сыяктуу ишке ашпаган ураандарды көтөрүшкөн. К. пайда болуп келе жаткан шарттарда, анын алгачкы симптомдору көрүнө баштаганда төмөнкүлөрдү ишке ашыруу маанилүү: биринчиден – карама-каршылыктардын курчушун танбоо, аларды чечүүнү чойбоо, алардын өнүгүшүн жымсалдабоо; экинчиден – бул карама-каршылыктардын мүнөзүн туура аныктоо; үчүн-чүдөн – аларга дал келген реформанын тибин туура тандоо. Бул маселелерди чечүүдө келтирилген каталыктар коомдун өнүгүшүндөгү олуттуу бузулууларга, оор зыяндуулукка, кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Коомдук саясий системанын чегиндеги ички саясий кризистерге төмөнкүлөр тиешелүү: I) мамлекеттин Негизги мыйзамын факт жүзүндө токтошуна байланышкан конституциялык К.; 2) өкмөттүн авторитетинин жоголушунан, өк-мөттүн көрсөтмөлөрүн аткаруучу органдар тарабынан аткарылбай калышынан көрүнгөн өкмөттүк К.; 3) тигил же бул саясий партиянын (барыдан мурда башкаруучу партиянын) бөлүнүшүнүн жана программалык документтерде көрсөтүлгөн функцияларды аткарбай калышышан улам пайда болгон ички партиялык К. Булардан тышкары ар түрлүү мамлекеттер аралык, регионалдык жана эл аралык конфликттер менен шартталган тышкы саясий кризистер да болот ==Колдонулган адабият== Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б

Category.Политология 
Category.Талисман