Жапайы жашоо

Википедия дан
Риз Уизерспун (2014).

"Жапайы жашоо" (англ. Wild, орус. Дикая) - 2014-жылы Жан-Марк Валле режиссерлук кылган Американын биографиялык драмасы. Ник Хорнби жазган сценарий Шерил Стрэйддин 2012-жылдагы "Жапайы: Тынч океан чыйырынан жоголуп кайра табылуу" мемуарына негизделген. Тасмада Риз Уизерспун Стрэйддин ролунда ойноп, Лаура Дерн (Стрэйддин апасынын), Томас Садоски, Михил Хюйсман жана Гэби Хоффман жана башкалар экинчи пландагы образдарды жаратышкан. Тасманын премьерасы Теллюриде кинофестивалында 2014-жылдын 29-августунда болуп өтүп, Түндүк Американын кинотеатрларында ошол жылдын 3-декабрында көрүүчүлөргө сунуштала баштаган.

"Жапайы жашоо" киносынчылардын оң баасын алган. Көпчүлүк мактоолор Риз Уизерспун менен Лаура Дерндин жараткан образдарына карата айтылган. Экөө тең ролдору үчүн "Эң мыкты аял актёр" (Риз) жана "Экинчи пландагы мыкты актёр аял" (Лаура) номинациялары боюнча Оскар сыйлыгына көрсөтүлүшкөн.

Тасма өндүрүшү

2012-жылдын 8-мартында Риз Уизерспун Шерил Стрэйддин "Жапайы: Тынч океан чыйырынан жоголуп кайра табылуу" мемуарынан өзүнүн Pacific Standard продюсердик компаниясы аркылуу тасма тарта турганын жана Стрэйддин ролун жаратаарын жарыялаган. 2013-жылдын июль айында Fox Searchlight Pictures бул долбоордун укуктарын өзүнө алып, Ник Хорнби сценарийин жазган жана Уизерспун, Бруна Папандреа жана Билл Ролад продюсерлик кылышкан. 2013-жылдын август айында канадалык Жан-Мар Валле режиссёрлукка кол койгон.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]