Жапай мөңгүсү

Википедия дан
Жапайы мөңгүсү‎»‎ барагынан багытталды)

Жапай мөңгүсү

  1. Борбордук Теңир-Тоодогу ири мөңгү, Түштүк Эңилчек мөңгүсунүн бир тармагы. Бозкыр кырка тоосунун түндүк капталынан орун алган. Узундугу 10,4 км, аянты 32,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 6700 м, этеги 4060 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Мөңгү негизинен фирн облусунда жатат. Абляция облусу Эңилчек мөңгүлөрүнүн негизги өрөөнүнө кошулгандан кийин башталат.
  2. Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн ти биндеги мөңгү. Каравшин суусунун алабында жайгашкан. Узундугу 5,6 км, аянты 5,6 км2, анын 1,5 км2дейи («тилинин» учу) морена чөкмөлөрү менен туташ капталган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4680 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3800 м. Абляция облусунун аянты 2,6 км2. Мөңгүдөн Жапайы суусу башта- лып, Каравшин суусуна (Исфаранын оң курамы) оң жактан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]