Жапаркул Алыбаев

Википедия дан

Жапаркул Алыбаев (1933-жылы Чүй районундагы “Бириккен” айылында туулган) - акын-сатирик.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жапаркул Алыбаев колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.
1947-жылы айылдык мектептин жетинчи классын бүтүргөндөн кийин,
1947-1950-жылдары Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайында окуган.
1950-1951-жылга чейин мугалимдик кесипте иштеген.
1951-1956-жылдары Фрунзедеги Кыргыз Мамлекеттик университетинде окуп, филология факультетин ийгиликтуу бүтүрүп чыгат.
1956-1965-жылдары Ж.Алыбаев “Чалкан” журналына адабий кызматкер, Ош областы боюнча өз кабарчы болуп иштейт.
1965-1968-жылдары Ош областтык “Ленин жолу” газетасынын адабий кызматкери,
1968-69-жылдары “Кыргызстан маданияты” жумалыгынын адабий кызматкери болуп иштеп келди.
1969-1972-жылдары Кыргыз Совет энцклопедиясынын башкы редакциясында тил жана адабият боюнча ага редакторлук милдетин өтөгөн.

Ж.Алыбаевдин чыгармалары 1954-жылдан баштап республикалык газета, журналында үзгүлтүксүз жарыяланууда.
Ж.Алыбаев жети ыр жыйнактын автору. Акындын ырлары орус, украин, белорус тилдеринде жана Чехословакиянын Братислава шаарында чыгуучу “Рогач” журналында словак тилиндн чыккан, “Крокодил”, “Украина”, “Вожик” журналында басылган.
1958-жылдан СССР журналисттер Союзунун,
1970-жылдан СССР жазуучулар Союзунун мүчөсү.

Китептери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүл жана тикенек. Фрунзе, Кыргызмамбас,1963. 46бет.
Көңүлдүү күүлөр. Фрунзе, “Мектеп” басмасы, 1965. 39 бет.
Келди кетти. (Аңгемелер, сатиралык ырлар) Фрунзе, “Кыргызстан” басмасы, 1967. 105 бет.
Кыял жана кытыгы.(Аңгемелер, ырлар) Фрунзе, “Кыргызстан” басмасы, 1970.138 бет.
Замандаш. Фрунзе, “Мектеп” басмасы, 1972. 86 бет.
Баягы эле Бекиш. Фрунзе, “Кыргызстан” басмасы, 1974. 105 бет.
Мөлтүр бүлак. (Лирикалар жана сатира). Фрунзе, “Мектеп” басмасы, 1975. 130 бет.

Котормолору:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде:
Большак Василь. № 13 “Кыргызстан ” басмасы, 1970. 86 бет.
Бродлин Рыгор. Аный кыз. Фрунзе, “Мектеп” басмасы, 1974. 28 бет.
Кильчичаков Михаил. Жашыл мекен. Фрунзе, “Кыргызстан” басмасы, 1975. 80 бет.

Макалалары:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ынак сезимдин поэзиясы. - “Кыргызстан маданияты”, 1970, 17-апрель.
Турмуш элегинен өткөн Серкебай. – “Кыргызстан маданияты”, 1974. 19-сентябрь.

Чыгармачылыгы жөнүндө макалалар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Артыкбаев К. Татаал жанардагы тасын аракет. – китепте: Артыкбаев К. Сын сапары. Фрунзе, “Кыргызстан” басмасы, 1970.
Кырбашаев К. Замандаш жөнүндө . - “Кыргызстан маданияты”, 1974. 18-апрель.

Колдонулган адабият:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Самаганов Ж. Советтик Кыргызстан жазуучулары. Фрунзе, 1976-ж.