Жапарова Макен
Жапарова Макен Оймочу. 1954-ж. Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында төрөлгөн.
Орто билимдүү. Айылдашы Тилекмат келини Рапиконун оймочулук нускасын алган. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинде, кийин Борбордук Көркөм эксперимент лабораториясында узданып, өзүнүн чеберчилигин машыктырган. Азыр № 92 элдик көркөм кол өнөрчүлүк кесипчилик-техникалык окуу жайында саймачылык боюнча окутуучу-чебер болуп эмгектенет. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Макендин уздук чыгармачылыгы «Макен оюм» деген атта жумуриятка таанылган. Ага кийин «Шакен оюму» (Шакен Мамбетаипова - сүрөтчү-прикладник) зор шык берет. Бири бирине коошпогон, окшоштук жактары баамдалбаган чыныгы чыгармачылыктын кудурети аркылуу бүткөн шырдактары бар. Анын ар бирине өзүнчө ыкма пайдаланат. Азыркы оюмдар көбүнчө майдаланып жана түрлөнүп, бутактанып бараткандыктан оюмдун ортосуна айрыкча көңүл бурат. Шырдагына оюм аркылуу кумарынын сүрөтүн түшүрүүгө аракет жасаган. Кумаранын фонуна оюм куюлушуп турат. Муну чебер «Кумара оюм» деп атайт. Кийизге адегенде кош кумара түшөт. Табак оюмунун наркында чоң шырдакты кичирейтүүгө, кичине шырдакты чоңойтууга мүмкүндүк бар. Ошол сымал мында да буюмдун аянтын өзгөртүүгө болот. Уздун бир туш кийизи «Тынчтык» деп аталат. Мында тоо гүлдөрүнүн галереясы, тынчтыктын ак кептерлери символ катары түшүрүлөт. Мындагы түзүлгөн сюжет бири-бири менен шартташып, бир бүтүндүктү туюкдуруп турат. «Илме дос» саймасын көбүрөөк пайдаланат. Анын бир туштугу Каркыра жайлоосун элестетет. Мында тогуз табакча бар. Ошолордун өзүндө конуш, өзөн, короо, адырлар, өтөктөр ж. б. баамдалат. Чакан бир табакча аркылуу бир бүтүм ойду ырааттуу бере алат. Жердик менен убакыт аз чыгымдалып, бүткөрүү оңойдой туюлгандыктан, чакан буюм-тайымды көбүрөөк кармайт. Изденүү, чеберчилик, жердик, көркөм каражат, боёк - ушулардын бардыгын тутумдаштыра кармоосу аркылуу колдонмо-жасалга өнөрүн өз деңгээлинде алып жүргөн уз буюм-тайымдын бир бүтүмүн пайда кылуу менен көбүнчө белек-бечкектер үчүн шартташкан үлгүлөрдү таасын кармайт. Эмгеги баттамада. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1976-ж. «Элдик көркем кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы». Чий үлгүлөрү үчүн Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин Ардак грамотасы; 1978-ж. Фрунзе шаарынын 100 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». Чий туштуктары үчүн Кыргыз ССР Жергиликтүү өнөр жай министрлигинин Ардак грамотасы; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Чий туштугу үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Грамотасы; 1988-ж. Кыргыз ССР Сүрөтчүлөр союзунун «ЭЧЖРКндө өткөн элдик чеберлердин Топтук көргөзмөсү». II даражадагы диплом; 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзу.нун уюштуруу көргөзмөсү». Сайма үлгүлөрү менен катышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0