Жапаров, Амантур Забирдинович

Википедия дан

Амантур Забирдинович Жапаров (10.3.1958) - кыргыздын заманбап тарыхчы-этнограф окумуштуусу, тарых илимдеринин кандидаты.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Амантур Забирдинович Жапаров Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Кара-Коо айылында (мурдагы Карл Маркс атындагы колхоздун айылдарынын биринде) туулган.

1980-85-жылдары КУУнун Тарых факультетинде окуган.

1985-88-жылдары Тоң районунда орто мектептин тарых мугалими болуп иштеген.

1988-97-жылдары Кыргыз УИАсынын Тарых институтунун кызматкери

1997-2003-жж. - Кыргыз УИАсынын коомдук тармагынын окумуштуу катчысы

2003-2005-жж. - Кыргыз УИАсынын Тарых институтунун илимий кызматкери

2005-жылдын декабрынан тартып азыркыга чейин Амантур Жапаров КРУИАнын тарых жана маданий мурас институтунун археология жана этнология бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А.Жапаров Борбордук Азияны иликтөө боюнча француз институтунун Бишкектеги координатору.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этнология, этнография, тарых жаатында бир катар илимий эмгектер жарыялаган.

2001-жылдан тартып көчмөндөрдү салыштырып иликтеген эл аралык долбоорго катышып, үч жолу Африкадагы Нигер өлкөсүнө барып, туарегдердин салт-санаасын, этнографиясын изилдеген. Буриятияда (Орусия) илимий сапарда болгон.

2003-жылы Франциянын Гренобль шаарында болуп, француз тили боюнча билимин өркүндөткөн. Париждеги илимий жыйындарга катышкан.

Эмгектеринин тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]