Жапаров Аскарбек

Википедия дан

Жапаров Аскарбек Маматович - (8. 12. 1966-ж. туулган, Ош (азыркы Баткен) облусу, Кадамжай району, Кароол айылы) – генерал-майор (2009). 1987-ж. Оржоникидзе атындагы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын бүткөн. 1987–92-ж. Мото аткычтар полкунда взвод командири, 1989-жылдан рота командири, 1992–94-ж. аскер бөлүгүндө ротанын, өзүнчө эскадрондун, батальондун командири, 1997–2002-ж. аскер бөлүктөрүндө командир, 2002–04-ж. КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскерге даярдоо башкармалыгынын начальниги, 2004-жылдан Башкы күжүрмөн башкармалыгында началь­никтин орун басары, 2006–08-ж. КР Коргоо министринин орун басары, 2008–09-ж. КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги – КРдин коргоо министринин 1-орун басары болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1