Жапон киноакадемиясынын сыйлыгы

Википедия дан

Жапон киноакадемиясынын сыйлыгы (жап.|日本アカデミー賞 Nippon Akademī-shō, анг. The Japan Academy Prize) - 1978-ж. бери Жапон киноакадемиясы тарабынан жыл сайын мыкты жапон тасмаларына ыйгарылып келе жаткан кино сыйлыктардын сериясы. Сыйлыктардын категориясы Оскар сыйлыгынын категорияларына окшош.


Сыйлык номинациялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мыкты фильм
  • Мыкты режиссер
  • Мыкты сценарий
  • Мыкты актер
  • Мыкты актриса
  • Экинчи пландагы мыкты актер
  • Экинчи пландагы мыкты актиса
  • Мыкты анимациялык тасма
  • Музыкадагы мыкты жетишкендик
  • Кинематографиядагы мыкты жетишкендик
  • Мыкты жарыктандыруу
  • Көркөм коюудагы мыкты жетишкендик
  • Үн жаздыруудагы мыкты жетишкендик
  • Монтаждагы мыкты жетишкендик
  • Чет тилдеги мыкты тасма
  • Жылдын мыкты ачылышы
  • Популярдуулук сыйлыгы
  • Ассоциациянын ардактуу сыйлыгы
  • Калыстар тобунун төрагасынын атайын сыйлыгы
  • Ассоциациянын атайын сыйлыгы

"Чет тилдеги мыкты тасма" номинацияларында Стивен Спилбергдин, Роман Поланскинин, Жеймс Кэмерондун, Клинт Иствуддун, Сержио Леоненин, Бернардо Бертолуччинин, Том Хупердин жана башкалар тасмалары сыйлыкка ээ болгон.