Жапырт баш аламандык
Көрүнүш
Жапырт башаламандык – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган коомчулуктун коопсуздугуна жана коомдук тартипке каршы келген кылмыш. Анын объективдүү жагын төмөндөгүлөр түзөт: а) зордук-зомбулук, кыйратуу, өрттөө, мүлктөрдү талкалоо, ок атуу куралдарын колдонуу, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү колдонуу, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүү коштолгон Ж. б-ты уюштуруу; б) жогоруда аталган жалпы Ж. б-ка катышуу; в) бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү каршылык көрсөтүүгө жана Ж. б-ка, ага тете эле жарандарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө чакыруу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |