Жарандардын жеке ишкердиги

Википедия дан

Жарандардын жеке ишкердиги – КР жарандык мыйзамдары боюнча жеке ишкердиктин бир түрү. Жаран юридикалык жакты түзбөстөн эле жеке ишкер катары каттоодон өткөн учурдан тартып жеке ишкердик менен алектене алат. Юридикалык жакты түзбөстөн ишке ашырылып жаткан Ж. ж. и-не, эгер мыйзамдан, башка укук мамилелеринин маңызынан башка жагдай келип чыкпаса, коммерциялык уюмдар болуп саналган юридикалык жактардын иштерин жөнгө салуучу КР жарандык мыйзамдарынын эрежелери колдонулат. Каттоо жөнүндө талаптарды бузган жаран – мында ал өзү түзгөн бүтүмдөрдө – өзү ишкер болуп саналбасына шылтоо кылууга акысы жок. Сот мындай бүтүмдөргө карата жеке ишкердикти жүзөгө ашырууга байланышкан милдеттенмелер жөнүндө эрежелерди колдоно алат. Кредиторлордун талаптарын канааттандыра албаган жеке ишкер соттун чечими боюнча кудуретсиз (банкрот) деп таанылуусу мүмкүн. Ошол учурдан баштап анын жеке ишкер катары каттоосу өз күчүн жоготот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]