Жарандык аң-сезим

Википедия дан

Жарандык аң-сезим - коомдук аң-сезим менен коомдук пикирдин маанилүү тутумдук бөлүгү, коом жана анын социалдык идеалы жөнүндөгү өз алдынча элестөө.

Жарандык аң-сезим тиешелүү нерсеге дагы, анык нерсеге дагы багытталган. Саясий-психологиялык позициядан алганда ал - макамга жана коомдун өнүгүү келечегине карата элестөөлөр менен өз алдынча баа берүүлөрдүн катары. Социалдык аң-сезимдин негиздеринин бири жана жарандык жүрүм-турумдун багыттоочусу болуу менен, Жарандык аң-сезим социалдык кабылдоого, социалдык окуяларга тиешелүүлүк жөнүндөгү таасирлерди калыптандырууга, социалдык ишмердиктин субъектилерин, ошондой эле белгиленген эрежелерди, стереотиптерди, ырым-жырымдарды баалоого бөтөнчө түс берет.

Жарандык аң-сезимдин маанилүү жагы - социалдык идеалды конструкциялоо, эң кеңири планда алганда, «кеңейген социалдык иретке келүүнүн» (Ф.Хайек) парадигмасы. Дал ушундай, жоопкер, иллюзиялардан арылган, өзүн-өзү сындоочу аң-сезим чыныгы жарандык болуп саналат жана жарандык коомдун мүчөсүнүн аң-сезими катары каралат, анда анын жогорку инсандык сапаттары, анын милдетти түшүнүүсү, өз укуктары менен эркиндиктерин аңдоосу, өзүнө отчёт берүү жөндөмү коомдун өзүнүн жана андагы жарандык мамилелердин кепилдиги катары кызмат кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8