Жарандык демилгелер

Википедия дан

Жарандык демилгелер же атуулдук демилгелер ― жарандык өз укугун бийликтин кысымынан коргоо үчүн уюшулган локалдуу, ишмердүүлүгү боюнча чектелген, коллективдүү уюштурмасы. Үй-жай, билим, транспорт, маданият, шаардын өнүгүүсү ж.б. маселелер боюнча атайын түзүлөт. Негизинен буга киргендер тарабынан ыктыярдуу, ишеничи аркылуу иштер жүргүзүлүп, ар кандай кайдыгерликтерге жол жок. Курамы өтө ар түрдүү (көбүнчө орто катмар).

Жарандык демилгелердин коомдук саясий ролу түрдүүчө бааланат. Жарандык демилгелердин ишмердүүлүгүнүн формалары ― чогулуш, митинг, акциялар, демонстрациялар аркылуу кээде кагылышууга чейин барып, массанын көңүлүн буруу, биргелешип өз укугун коргоо, бийлик органдарына басым көрсөтүү, түрдүү компанияларды түзүү, чечимдерди кайра каратуу ж.б. Жарандык демилгелер локалдуу чыгуулар кээде чоң демократтык кыймылга өсүп чыгышы мүмкүн. Ошондуктан, жарандык демилгелер көп социалдык кыймылдардын базасы, булагы же көбүнчө аларды ишке ашыруунун, мыйзамдаштыруунун формасы болуп калат. Жарандык демилгелер кыймылы Батышта жаңы конфликти пайда кылып, саясий маданияттын жогорулулугун көрсөтөт да, коомдук өнүгүүгө альтернатива издөө жолу болуп саналат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8