Жарандык укуктарды коргоо
Көрүнүш
Жарандык укуктарды коргоо –бузулган же талаш-тартыштуу жарандык укуктарды коргоо актыларын жана тартиптерин аныктоочу жарандык мыйзам институттарынын бири. КР жарандык мыйзамдарына ылайык Ж. у. к-ну сот же бейтарап сот, ал эми мыйзамда белгиленген учурларда ошондой эле административдик органдар да жүзөгө ашырат. Ж. у. к. төмөндөгүдөй ишке ашырылат: а) укугун таануу; укуктарды бузганга чейинки абалды калыбына келтирүү жана укуктарды бузуучу же анын бузулушуна коркунуч келтирүүчү аракеттерди болтурбай коюу; б) талаштуу иштерди жараксыз деп табуу жана анын жараксыз делген жыйынтыктарын колдонуу; кичинекей иштин жараксыздалган жыйынтыктарын колдонуу жана мыйзамда көрсөтүлгөн башка жолдор менен ашырылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |