Жарандык укук бузуу курамы
Көрүнүш
Жарандык укук бузуу курамы – мыйзамда белгиленген, адамды жарандык-укуктук жоопкерчиликке тартууга негиз берүүчү шарттардын жыйындысы. Толук (жалпы) Ж.у.б.к. төмөндөгү шарттарды (элементтерди камтыйт: а) жүрүм-турумдун укукка сыйбастыгы; б) зыяндын болушу; в) укукка сыйбаган жүрүм-турумдун жана келген зыяндын ортосундагы себептик байланыш; г) зыян келтирүүчүнүн күнөөсү. Мыйзамда же келишимде каралган учурларда жоопкерчилик толук эмес (кыскарган) Ж. у. б. к. болгондо келип чыгат. Айталы, биркатар укуктук актыларда күнөө жоопкерчиликтин зарыл шарты болуп эсептелбейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |