Жаратылыш парктары
Көрүнүш
Жаратылыш парктары – аймактары экологиялык жана эстетикалык баалуулукка ээ жана жаратылышты коргоодо, агартуу иштеринде жана рекреациялык максаттарда пайдаланылуучу жаратылыш комплекстерин жана объектерин өз кучагына камтыган жаратылышты коргоочу рекреациялык мекемелер. Ж. п-нын аймактары аларга мөөнөтсүз (туруктуу) пайдаланууга берилген жерлерде, айрым учурларда – башка пайдалануучулардын, ошондой эле менчик ээлеринин жерлеринде жайгашат. Ж. п. коммерциялык эмес уюмдар болуп саналышат жана жаратылышты коргоо мекемелеринин мамлекеттик бюджет каражаттарынын эсебинен каржылануучу таризде түзүлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |