Жарганат

Википедия дан
Corynorhinus townsendii.

Жарганаттар (лат. Chiroptera) - сүт эмүүчүлөр түркүмү. Дене узундугу 3-40 см, колдору учууга ылайыктанып, канатка айланган. Ийин, манжа жана дене капталынан башталган тери жаргакча арткы буттары менен куйругуна чейин керилип турат. Тиши курч. Адамга угулган үндөн башка ультра үн чыгарып, анын начар чагылышын да кабыл алууга жөндөмдүү. Ошондуктан жарганаттар начар көрсө да, караңгыда эч нерсеге урунбай уча алат. Суук түшөрү менен чээнге кирет. Тропик өлкөлөрүндөгү жарганаттар жылына эки жолу, ал эми суук жана мелүүн климаттуу жердегилери бир жолу тукумдап, бир же экиден тууйт. Алардын эки түркүмчөсү бар; тропикте жашоочу 20дай тукумдун азыркы 650-700 түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 3 тукумдун 41 түрү (така мурун жарганат жана башка), Кыргызстанда 16 түрү жашайт. ТКЭСтин Кызыл китебине 3 түркүмчөсүнүн 5 түрү, Кыргызстандын Кызыл Китебине 5 түрү катталган.

Байыркы орустар менен украиндер чычкандын кандайдыр бир ыйык буюм - жыпар жеген нан, эт же шамды жеп бүткөндөн кийин жарганак болуп калат деп ишенишкен.

Кошумча маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5