Жардамды талкуулоо:Оңдоо

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Ло́ндон (англ. London [ˈlʌndən] (i)) – Улуу Британия Бириккен Корольдугунун жана Түндүк Ирландиянын борбору, Англиядагы шаар. Административдүү түрдө, церемониалдык Чоң Лондон жана Сити графтыктарынан турган, Чоң Лондон регионун тузөт. Калкы - 8,2 млн киши (2011 жыл), Евробиримдиктеги эң чоң шаар. Метрполитен чегинде 12 миллиондон жогору адам жашап, «Чоң Лондон» агломерацияны тузөт. Улуу Британия аралынын түштүк-чыгышында, Темза дарыясынын жээгинде, Түндүк деңизинен 80 км алыстыкта жайгашкан. Нью-Йорк шаары менен дүйнөлүк алдыңкы каржы борбору наамы үчүн күрөшкөн, глобалдык шаарлардын бири. Дарыя жана деңиз порту; алты аэропорт; эң эски дүйнөдөгү метрополитен. 40тан ашык ЖОЖ (Жогорку Окуу Жайы) иштейт. Британ музейи жана дүйнөдөгү эң чоң Британ китепканасы орун алган. Орто Кылымдагы Тауэр чеби жайгашкан тарых борборун, Вестминстер жана Сити райондору түзөт. 1666 жылы өрттөн улам шаар катуу талкалоого учураган. 43 жылы римдиктердин Британияга жасаган кол салууларынан кийин, римдиктер менен Лондиниум аты менен түзүлгөн. XI—XII кылымдарда Англиянын борбор шаарына айланган. XVIII кылымдын башында Улуу Британиянын борбору жана Европанын эң чоң шаарына айланды. XVI кылымдан XX кылымга чейин Британ империясынын борбору болуп турду. 1825 жылдан 1925 жылдары дүйнөдөгү эң чоң шаар болгон.

Өлкө Улуу Британия, Англия
Регион Чоң Лондон
Координаттары 51°30′26″ с. ш. 0°07′39″ з. д. (G) (O) (Я)
Ички бөлүнүшү Сити жана башка 32 район
Мэр Бо́рис Джонсон
Негизделген 43-жылдары
Калкы ▲ 8 173 900 человек (2011)
Жыштыгы 5206 киши/км²
Агломерация ▲ 8 631 000 человек (2010)
Диний курамы христиандар (58,2 %), атеисттер (15,8 %), мусулмандар (8,5 %)
Этнохороним Лондондук
Убакыт аралыгы UTC0, жайында UTC+1
Телефон коду +44 20
Расмий сайт http://www.london.gov.uk/ (англ.)
FIPS UKH9[1]
ISO GB-LND[1]
Файл:Лондон
240px-Tower_of_London,_April_2006.jpg