Жарды-Кайыңды, суусу
Жарды-Кайыңды | |
|---|---|
| Мүнөздөмө | |
| Узундугу | 31 км |
| бассейндин аянты | 191 км² |
| Суу агымы | |
| Аягы | Чүй |
| Жайгашкан орду | |
| Өлкө | |
| Област | Чүй облусу |
| Район | Москва району |
Жарды-Кайыңды - Москва районунун аймагы аркылуу аккан суу. Чүй дарыясынын алабына кирет. Узундугу 31 км, алабынын аянты 191 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун ортоңку бөлүгүнүн түндүк беттериндеги мөңгүлөрдөн башталып, Орто-Арык кыштагынан 3км түштүктөн агымы үзүлөт. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3000м. Жалпы узундугу 72 км келген 28 куймасы бар. Алабынын жалпы аянты 4 км2 дей майда мөңгүлөр, 0,14 км2 болгон 6 көл орун алган. Май-сентябрда ташкындап, октябрь-апрелде тартылып агат. Көп жылдык орточо чыгымы 1,64 м3/сек. Июль айында суусу мол болот, орточо чыгымы 4,30 м3/сек. Айрым жылдары кыш айларында соолуп калат. Сугатка пайдаланылат. Жардыкайыңдыдан 10м3/секга жакын суу өткөрүүчү Каптал, Кумарык, Сай каналдары башталат. Өрөөнүндө Каптал-Арык, Орто-Арык, Күрпүлдөк Жана башка кыштактар жайгашкан.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: 2004 ISBN 9967-14-006-2