Кыдык уулу Жаркымбай

Википедия дан
Жаркымбай Кыдык уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Жаркымбай Кыдык уулу, Жаркымбай молдо (туулган жылы белгисиз, Кочкор өрөөнү — 1930-жылдар, түрмө) — 19-кылымдын акыркы чейрегинде чыккан алгачкы кыргыз агартуучусу.
Ал белгилүү тарыхчы, агартуучу, санжырачы Осмоналы Сыдык уулунун биринчи мугалими.
Жаркымбай Кочкор өрөөнүнө медресе, мечит салдырган. Ал 1916-ж. Кочкордогу көтөрүлүшчүлөр орус аскерлеринен чегинип баратканда солдаттардын аткылап турганына карабай медресеге чаап барып, андагы китептерин ала кетүүге жетишкен.
Жаркымбай Кыдык уулу 1930-жылдары тоталитардык бийлик тарабынан ак жеринен репрессияланып курман болгон.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.