Жарыктын дифракциясы

Википедия дан

Жарыктын дифракциясы – жарык толкунунун жолунда кезиккен ар түрдүү тоскоолдуктарды айланып өтүшү жана таралуу багытын өзгөртүшү.

Дифракция ар кандай жаратылыштагы толкундарга тиешелүү кубулуш. Ошондуктан Ж. д. жарыктын толкундук касиетинин пайда болуу жана геоме-триялык оптикага өтүү шарттары менен тыгыз байланыштуу.

Жарыктын дифракциясы теориясын О.Френель 1816-ж. түзгөн. Бул теория Гюйгенс-Френелдин принцибине негизделген жана жарыктын мейкиндикте кантип таралышын түшүндүрөт. Ал принцип б-ча: толкундун фронтунун ар бир чекитти жаңы когеренттүү толкундардын булагы болуп эсептелишет. Мындай когеренттүү булактардан чыккан толкундар интерференцияланышат жана алардын фронтторунун жалпы түзүүчүсү баштапкы толкундун келерки учурдагы жаңы фронтун түзөт (к. сүрөт).


Бирок бул принцип мейкиндиктин ар кандай чекитиндеги жарыктын интенсивдүүлүгүн табууга мүмкүнчүлүк бербейт. Мындай кыйынчылыкты Френель өзүнүн зоналык тилкелер ыкмасын колдонуп чечкен. Френелдин ыкмасы боюнча S жарык булагынан чыккан жарык толкунунун фронтунун (ДТ) тоскоолдуктан ачык бөлүгү, Э экранындагы каралуучу М чекитине салыштырмалуу тилкелерге бөлүнөт. Ал үчүн (ТФ) фронтунан бул чекитке чейинки эң жакын аралыкты r0 деп алсак, фронттун бул чекитине жанаша жаткан чекитке (N1) чейинки аралык толкундун жарым узундугуна айырмаланат: r λ =r0+l/2 деп алынат, андан кийинки жанаша жаткан чекитке (N2) чейинки аралык дагы λ/2 айырмаланат: r2=r 1+λ/2=r0+2*λ/2 ге жана андан ары ушул процессти улантып, фронттун ачык бөлүгүн М чекитине салыштырмалуу радиустар менен зоналарга бөлүп алынат.

Фронттун тилкелеринин каралуучу чекитке чейинки аралыктардан айырмаланышы, ал зоналардан келген толкундардын фазалары айырмаланат дегендикке жатат. Демек мындай толкундар карама-каршы фазаларда келишип бирин бири басаңдатышат (минимум шарты) жана М чекитте караңгы болот. Ал эми мындай аралыктардын айырмасы толкун узундугуна барабар тилкелерден келген толкундар бирдей фазалуу болуп бирин бири күчөтүшөт (максимум шарты) жана бул чекитте жарык болот. Төмөнкү сүрөттө тегерек тешиктин дифракциялык сүрөттөлүшү берилген. Мында М чекитине салыштырмалуу толкундун фронтунун ачык бөлүгүнө (тегерек тешикке) жуп сандагы тилкелер туура келгендеги пайда болгон дифракциялык сүрөттөлүш көрсөтүл-гөн. Ошондуктан борборунда кара чекит пайда болуп, анын айланасында жарык жана караңгы тегерек шакекчелер удаалаш жайланышышкан .

Ошентип жылчыктар жана тешиктерден же ар түрдүү формалуу тоскоолуктардан өткөн жарык толкундары караңгы жана жарык тилкелерди пайда кылышат. Ушундай эле сүрөттөлүштү тегерек дискадан өткөн жарык шооласы пайда кыларын көрүүгө болот. Жарык булагы жана дифракцияны байкоо чеги дифракциялык жылчыктардан же экрандардан алыс жайланышса (жарык толкунунун фронту жалпак болсо), мындай дифракцияны Френелдин жана Фраунгофердин дифракциясы деп экиге бөлүп кароо ыңгайлуу. Жарык булагы (S) жана дифракцияны байкоо чекити (М) дифракциялык жылчыктан же экрандан алардын өлчөмдөрүнө салыштырмалуу алыс аралыктарга жайланышкандагы кубулуш Фраунгофердин дифракциясы деп аталат. Бул учурда жарык толкунунун фронту жалпак болушат. Мунун мисалдары катары дифракциялык жылчыктан жана дифракциялык торчодон кийинки пайда болгон дифракциялык кубулуштарды кароого болот. Бул мисалдарда, дифракциялык нерселерден алыс аралыкты кийинки чагылтуучу линзаны коюу менен алмаштырса болот. Дифракция жалпы жонунан Френел–Кирхгофтун теориясы менен түшүндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]