Жарыктын жутулушу
Көрүнүш
Жарыктын жутулушу – жарык чөйрө зат аркылуу өткөндө анын чөйрө бөлүкчөлөрү менен өз ара аракеттенүүсүнөн ургаалдуулугунун азайышы. Оптикалык тунук заттар жарыкты начар жутуучу, ал эми тунук эместер жарыкты жакшы жутуучу заттар деп аталат. Жарыктын жутулушу заттын ысышы, иондошуусу же атом, молекулалардын дүүлүгүшү, фотохимиялык процесс менен коштолот. Жарыктын жутулушун тажрыйбада франциялык илимпоз П. Бугер (1729), теориялык жактан нем. илимпоз И. Ламберт (1760) изилдеген. Жарык жылы Бугер Ламберт закону менен аныкталат: I=I0e-kxd, мында I, I0 нерсеге түшкөн жана жутулган жарык нурунун ургаалдуулуктары, d нерсенин калыңдыгы, kX сызыктуу жутулуу көрсөткүчү.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5