Жарыктын эталондору
Көрүнүш
Жарыктын эталондору – жо-горку тактыкта жарыкты өлчөөчү, бирдиктерди сактоочу жана салыштыруучу чендер. Ж. э. негизги жана туунду болуп каралат.
Негизги Ж. э. болуп жарык күчүнүн бирдиги кандела (кд) колдонулат. (СИ де) 1979-ж-дан баштап Эл аралык жарык стандарттоо комитетинин чечими боюнча канделага жаңы аныктама берилген. Кандела СИдеги негизги бирдиктердин бири. Туунду Ж. э. болуп жарык агымынын, жарыктаныштын ж. б. чоңдуктардын бирдиктерин камсыз кылуучу, ар түрдүү түзүлүштөгү жана температурадагы электр лампалардын тобу колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0