Жарык аберрациясы

Википедия дан

Жарык аберрациясы – 1) жарык булагы менен байкоочунун ортосундагы салыштырмалуу кыймылдын негизинде жарык булагынын чыныгы көрүнүш абалынан четтеши. Жарык аберрациясынын бир нече түрү бар. Бир чекитке жыйналган жарык нуру линзадан өткөндө же сфералык күзгүдөн чагылганда алардын фокусуна жыйылуудан четтеши сфералык аберрация деп аталат. Бир чекиттен чыккан ар түрдүү түстөгү нурлар линзадан өткөндөн кийин, анын фокусуна жыйналышынан четтеши хроматикалык (түстүү) аберрация болот. 2) Астрономияда – асман жарык чыгаргычы менен байкоочунун кыймылына жараша жарык нурунун багытынын өзгөрүшү. Жер өз огунда айланганда суткалык, Күндү айланганда жылдык, Күн системасынын мейкиндикте кыймылында кылымдык жарык аберрациясы болот. Астрологиялык аберрация астрофизикалык иликтөөлөрдө, Жердин Күндү айлануу ылдамдыгын жана жарык ылдамдыгын так аныктоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1