Жарык эталондору
Көрүнүш
Жарык эталондору – жарыкты жогорку тактыкта өлчөөчү, бирдиктерди сактоочу жана салыштыруучу чендер. Жарык өлчөөнүн бирдейлигин камсыз кылат. Негизги жана туунду жарык эталондор болуп каралат. Негизги жарык эталондору болуп жарык күчүнүн бирдиги кандела (к∂) колдонулат. Ал платинанын катуулануу температурасында абсолюттук кара нерсенин касиеттерине ээ. Анын жаркырактыгы 6∙105 к∂/м2. 1979-жылдан баштап Эл аралык жарык стандарттоо комитетинин чечими боюнча канделага жаңы аныктама берилген. Кандела СИдеги негизги бирдиктердин бири. Туунду жарык эталондорунда жарык агымынын, жарыктаныштын жана башка чоңдуктардын бирдиктерин камсыз кылуучу, ар түрдүү түзүлүштөгү жана температурадагы электр лампаларынын тобу колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5