Мазмунга өтүү

Жарым коллоиддер

Википедия — ачык энциклопедия

Жарым коллоиддер – эритмесинде мол. жана иондор менен коллоиддик бөлүкчөлөр теңдештик абалда болгон заттар. Алардын касиеттери, коллоиддик эритменин да, чыныгы эритменин да касиеттерине окшобойт. Коллоиддик эритмелер майда мицелла бөлүкчөлөрүнөн, чыныгы эритме иондон турат. Ж. к беттик активдүү заттар (самындар, орг. боёктор жана башка) кирет. Ж. к. ондогон же жүздөгөн мол-лар өз ара биригип, агрегаттарды пайда кылгандыгы менен мүнөздөлөт. Ж. к. касиеттери эриткичтер курамына жараша болот.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]