Мазмунга өтүү

Жарым өткөргүчтүү материалдар

Википедия — ачык энциклопедия

Жарым өткөргүчтүү материалдар - өткөргүчтөр менен диэлектриктердин ортосундагы материалдар; алардын электр өткөргүчтүгү тепмературанын, электр талаасынын, жарыктын жана тышкы факторлордун таасирине жараша болот.

Жарым өткөргүчтүү материалдарга электр өткөргүчтүтү ар түрдүү катуу жана суюк, химиялык түзүлүшү ар кыл табигый жана синтет. заттар кирет.

Техникада электр өткөргүчтүгү электрондор кыймылы менен жаралган электрондук жарым өткөргүчтөр өзгөчө баалуу. Бирок жарым өткөргүчтөр металл өткөргүчтергө Караганда аз сандагы бош электронго ээ болуп, электрди начар өткөрөт. Энергиянын ар кандай түрлөрү менен таасир берип, Жарым өткөргүчтүү материалдардын электр өткөргүчтүгүн өзгөртүүгө болот. Мисалы, температуpa жогоруласа, бош элоктрондуп саны өсөт.

Бул учурда Жарым өткөргүчтүү материалдар температуpa сезгич элемент (терморезистор) катары колдонулат. Жарык энергиясынын таасири менен жарым өткөргүчтөрдүн каршылыгын азайтууга мүмкүн (фото- резистор).

Магнит талаасында жайгашкан жарым өткөргүчтөн ток өткөндө, электр кыймылдаткыч күчү (Холл эффектинен) пайда болот да, магнит талаасы, кубаттуулук ж. б. чоңдуктарды өлчөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ошол себептен Жарым өткөргүчтүү материалдардын электр өткөргүчтүгүнүн сырткы таасирлерге көз карандылыгы ар кандай тех. приборлор жасоого негиз болуп алынат. Жарым өткөргучтуу приборлор жасалчу материалдардын сапатына жана касиетине түрдүүчө талап коюлат. Диоддор менен транзисторлор жасоодо негизинен германий, кремний, галлийдин арсениди гана иштетилет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.