Жар-жар

Википедия дан

«Жар-жар» — Байыртан бери түрк элдеринин үйлөнүү тойлорунда өзүнчө обон менен, көбүнчө жамаатташып, кээде алым-сабак айтыш түрүндө, кээде жалгыз киши тарабынан аткарылуучу расмий-салт ырлары. Фольклор жыйноочу Ж. Мукамбаев памирлик кыргыздардан төмөнкүдөй жар-жар ырын жазып алган:
Сувду сулув көрсөткөн ташы болор, жар-жар,
Кызды сулув көрсөткөн кашы болор, жар-жар.
Кыз өппөгөн жеңелер токтоп турсун, жар-жар,
Келин алган кудадан жовоп алсын, жар-жар.
Асмандагы жылдызды сегиз деңер, жар-жар,
Сегиз кыздын серкери келди деңер, жар-жар,
Эки жаштын тилегин берди деңер, жар-жар.
Жар-жар ырларынын жанрдык белгилери – тойдо ырдалышы, кыз менен төркүндөрүнүн коштошуу, бак-ырыс, бала тилөө мотивдеринин болушу; обондуулугу, ошол обондуулуктун <<жар-жар>> деген сөздүн ар бир сапта кайталанышы менен түзүлүшү, он бир муундуу негизги бөлүктөн жана эки муундуу кайталоодон турушу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]