Жар чакыруу

Википедия дан

Жар чакыруу, жар салуу — көп эл чогулган жыйындарда, той-аштарда элге кабар, жарыя айтуу. Адатта Ж. ч-га эл ичинен чыккан белгилүү акындар дайындалып, алар жарчы деп аталган. Жарчылар той-аштарда аны өткөрүүчү адамдын кимдигин, байлыгы менен ишмердигин мактап, кайсы оюн-тамашанын, мелдештин кезеги келгенин, аны өткөрүү тартибин, жеңгендерге берилүүчү байге жана башкалар жөнүндө элге ырдап жар салышкан. "Манас" эпосунда Ж. ч. салты кеңири сүрөттөлөт. Салтка ылайык Көкөтөйдүн ашында өткөрүлгөн элдин оюн-зоок мелдештери да Ж. ч. менен башталган. Ж. ч-да даңазалуу ашты берген ким, анын камылгасы кандай экени, көрсөтүлүүчү оюн-зооктун түрү, аны өткөрүүнүн тартиби, байгеси жөнүндө жарыя кылынат. Салттык мелдештер ашка келген элге кезеги менен Ж. ч-чулар аркылуу жарыяланган. "Манас" эпосунда ар кандай үрп-адат, салтанаттарда жар салуучулар катарыМанас баатырдын замандашы, кырк чоронун бири Ырамандын Ырчыуулу менен Жайма көкүл жаш Айдардын ысымы дайыма эскерилет:

Ырамандын Ырчы уул,

Ычкыры бапик кырк муун...

Жанында бар жаш Айдар

Жалпы баары кеп айтат,

Жарчылар журтка бек айтат...

Көкөтөйдүн ашында

Көк жал Манас сөзүн тут.

...Темирди талдай сындырган,

Пил, керик араң жылдырган,

Душманды басып сындырган,

Туугандын көөнүн тындырган,

Дөө жеңбеген бөкөдөн,

Көптөн коркпос жекеден,

Журтка болгон чегеден

Мусулмандан, капырдан

Бура тартпас баатырдан

Эки балбан чыксын деп,

Кабар ушул уксун деп,

Жыкканы мөрөй алсын деп,

Жыгылган куру калсын деп,

Алты жүз жылкы, бир жүз төө

Байгесинин саны деп,

Аз десеңер аны деп,

Эки жүз сыйыр, беш жүз кой.

Көңкү журтуң жыйылып

Көкөтөйгө берген той (Сагымбай Орозбаков, 3. 181 — 182).

Саякбай Каралаевдин варианты нда "Керней-сурнай тарттырып, Жарчыга кабар айттырып", Бокмурун балбан күрөш болорун, байгесине эмне берилерин элге жарыялайт ( Саякбай Каралаев, 2. 39). Чоң казатка бараткан жолдо да Алмамбеттин колго кан болгонун Ырчыуул жар салат (Сагымбай Орозбаков, 4. 122).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4