Жасалгалоо иштери

Википедия дан

Жасалгалоо иштери (курулушта) – пайдалануу жана кооздук сапаттарын жогорулатуу үчүн имараттардын жана курулуштардын ичи-тышын жасалгалоо менен байланышкан курулуш жумуштары. Жасалгалоо иштери курулуштун акыркы этабы болуп саналат жана анын баалуулугу сапаттуу бүткөрүлүшүнө жараша болот. Негизги жасалгалоо иштерине имараттын бетин шыбоо, кооздоо, алдын тактайлоо, сырдоо, туштук кагаз (обои) чаптоо, айнектөө жумуштары кирет. Акыркы учурда курулуш аянттарына даяр түрүндө жеткирилип, чогултулуучу ири өлчөмдөгү конструкциялар жана заводдо жасалуучу тетиктер (үстүн жапкыч жана дубал панелдери, санитардык-техникалык кабиналар, терезе жана эшик блоктору) кеңири колдонула баштады. Булар жасалгалоо иштеринин жалпы көлөмүн азайтат. Курулуш объектилеринде жасалгалоо иштеринин көлөмүн бир топ азайтуучу, ишти тездетүүчү жана жеңилдетүүчү механикалаштырылган ар кандай каражаттар (шыбоочу жана сырдоочу кыймылдуу станциялар, полимер материалдардан пол салуучу агрегаттар, жылчык бүтөөчү аппараттар, жылмалоочу жана сүрүүчү машиналар, термелгич насостор жана башка) колдонулат. Азыркы курулуштарда негизги жасалгалоо иштерине – жасалгалоочу эритмелер жана бетондор, жаратылыш жана жасалма таш материалдары, жасалгалоочу карапа, жыгач материалдар менен буюмдар, кагаз, айнек, пластмасса, металл, лак-сырлар кирет. Жасалгалоо иштери эмгекти өтө көп талап кылган майда жумуш жана курулуш-монтаждоо ишиндеги эмгек чыгымдарынын 35%ке чейинин түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1