Жасалма көз

Википедия дан

Жасалма көз — пластмасса же айнектен жасалган көз.

Оң жана сол көзгө коюлуучу жасалма көз.

Ал көз чарасына көзү жок же түрдүү себептен көзү соолуп калган кишилерге косметикалык, ошондой эле дарылоо, оорунун диагнозун табуу жана көздү ар кандай зыяндуу нерселерден сактоо максатында салынат. Жасалма көз өзгөчө тунук, түстүү айнектен жана пластмассадан жасалып, формасы, өлчөмү соо көзгө туура келгидей болуш керек. Косметикалык жасалма көз ар түрдүү айыкпаган оорудан кийин көздү алып салган учурда салынат.

Жогоруда жасалма көз туура тандалып коюлган, төмөндө жасалма көз салынбаган ошол эле оорулуу.

Дарылоо үчүн жасалган жасалма көз пластмассадан, кээде дары кошулуп жасалат. Ал көздүн түрдүү катмарларына жасалган пластикалык операциядан кийин жана көздү дарылоо үчүн коюлат. Диагностикалык Жасалма көз көзгө түшкөн жат нерсенин рентген аркылуу көздүн кайсы жеринде турганын билүү үчүн колдонулат. Ал эми көздү сактоочу Жасалма көз коргошун кошулган айнектен жасалып, көздүн ткандарына түрдүү зыян келтирүүчү ион жана рентген нурларынан, ошондой эле көздүн тегерегиндеги органдарды түрдүү нурлар менен дарылоодо көздүн тканын сактайт. Жасалма көздү түнкүсүн алып, бор кычкылынын эритмеси менен чайкап, кургак кармоо зарыл.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8