Жатын кынын жуу

Википедия дан

Жатын кынын жуу аялдын жыныс органынын өнөкөт сезгенүү ооруларында врачтын көрсөтмөсү боюнча гана жасалат.

Бойго болтурбоо максатында өз алдынча жууй берүү жатын кынынын чөйрөсүн өзгөртүп, микробдордун оору козгоочу таасирине туруктуулугун төмөндөтөт. Жатын кынын жуу үчүн кайнатылган жылуу (37-40°) жана ысык (45-48°) сууга врач сунуш кылган дары кошулат. Ысык суу менен жууганда жыныс органынын сырткы терисин күйгүзүп албаш үчүн вазелин сыйпап коюу сунуш кылынат. Бул процедураны чалкасынан жатып, бут бүгүлгөн калыбында судна коюп жасалат. Ал үчүн Эсмарх кружкасы пайдаланылат. Ысык суу менен жуу жай (10-15 минутага чейин) жүргүзүлөт. Процедурадан кийин жатып эс алуу зарыл. Этек кир келгенде, кош бойлуу мезгилде жана төрөттөн кийин жыныс органдарынын катуу кармаган сезгенүү ооруларында Жатын кынын жууга болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8