Жатын моюнчасынын эрозиясы

Википедия дан

Жатын моюнчасынын эрозиясыжатын моюнчасынын кын бөлүгүн каптаган эпителийдин бузулушунан болгон ачык кызыл түстөгү жара. Жыныс органдарынын (жатын моюнчасынын, жатын кошумчаларынын жана башка) сезгенүүсүнөн да болот. Ал төрөттө, бойдон алдырганда жатын моюнчасынын былжыр чели тытылып калганда, ошондой эле гормондук бузулууда болушу мүмкүн. Былжыр челдин бузулган жери жатын каналынан чыккан цилиндр сымал эпителий менен капталып, мында эрозия безчелери пайда болот. Эрозия безчелери такай секрет бөлүп турат, ал жаңы пайда болгон эпителийди сыйрып түшүрүп, жаралантат, көп учурда канайт. Ал көпкө (айлап, жылдап) билинбей, аял көпкө дарыланбай жүрө берсе, рак оорусуна өтүп кетет. Ошондуктан аялдар алдын ала кароодон өтүп, жылына 2 жолу врач-гинекологго көрүнүп турушу зарыл. Жыныс органдарынын сезгенүү ооруларын, төрөттө жана бойдон алдырганда болгон жатын моюнчасынын айрыгын өз убагында дарылоонун мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1