Шах-Жахан

Википедия дан
Жахан -Шах‎»‎ барагынан багытталды)

Жахан Амир Темирдин тукуму, император Жахангирдин жана Раджпут ханышасы Манматинин баласы. Аялдары: 1) Мумтаз-Махал 2) Сатиун-Нисса Ханум 3) Бегум Фатехпур 4) Кандхари Бегум. Балдары: Дара, Шуджа, Аурангзеб и Мурад. 1612-жылы Жахангирдин аялынын тууганы Нур-Жаханга үйлөнүп, тактыны элөөгө 1 кадам жакындаган.1622-жылы Хуррам деген байкеси өз атасына каршы чыккан, бирок талкаланган.1628-жылы Жахангир өлгөндө аялы Нур-Жахандын байкесинин жардамы менен атасынын ордун ээлеп, өзүнө Шах-Жахан титулун алган. Шах-Жахандын хан жүргүзүү учурунда Улуу Моголдор Декандын раджалары менен ийгиликтүү күрөш алып барган.1636-жылы Ахмаднагар Могол империясына кирген, Голконд жана Биджапурдун раджалары салык төлөп турушкан. Шах-Жахан мамлекеттин чегарасын түндүк-батышка жылдырып, 1638-жылы Кандагарды ээлеп алышкан.1646-жылы Шах-Жахандын аскерлери Балх менен Бадахшанды(Таджикстан) басып алган .Бийлигинин кʏчʏ кʏчөп турганда борборду Аградан Делиге жылдырып Шахжаханабад шаарын негиздеген. Көмүлгөн жери Аграда Тадж-Махалда. Башкаруусунун аягында Сефевиддерден сокку жеп, Кандагарды таштап кеткен. 1658-жылы Жахан-Шах өлдү деген ушак тарап, балдары бийлик үчүн күрөш баштайт, ошол учурда Аурангзеб атасын кулатып, аны өзү эс алган бөлмөсʏнө (уламыш боюнча казынасына) 1666-жылы өлгүчө камап койгон. Шах-Жахандын өмүрү Инаятуллах Канбу жазган «Тарих-е-делгуша» эмгеги аркылуу белгилүү. Тарыхчылар арасындыа Шах-Жахандын ишмердиги жөнүндө бирдиктүү пикир жок, европалыктарды анын жасаткан эстеликтери башка моголдор учурундагы жасалган эстеликтерге караганда көбүрөөк кызыктырган, кымбат баалу таштар Кохинур менен Тимурдун рубини Шах-Жаханга тиешелүү болгон. Бирок ал башкарып турган учурда империянын финансылык алааматка такалышы келип чыккан.